Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:00

Баткенде мектеп директорлугуна сынактан 60 талапкер өттү


Иллюстрациялык сүрөт. Бишкектеги мектептердин бири.
Иллюстрациялык сүрөт. Бишкектеги мектептердин бири.

Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлагандай бүгүн, 11-августта Баткен облусундагы 98 мектептин директорун дайындоо үчүн сынактын экинчи туру өттү.

Ага сынактын биринчи турунан өткөн 147 талапкер катышып, 60 талапкер зарыл баллды топтой алды. Калган 38 мектептин башчысы кызматына дагы сынак өтөт.

Сынакта талапкерлер компьютер аркылуу бир жарым саатта 80 суроого жооп бериши керек. Азырынча тестирлөөнүн жүрүшүнө наараазы болуп, апелляциялык арыз жазгандар болгон жок.

Эң көп упай алган талапкерлерди министрликтин сунушу менен райондук билим берүү бөлүмдөр директорлукка дайындайт. Жогорку балл алган эки талапкердин упайы бирдей болуп калса, алар үчүн кайрадан сынак уюштурулат.

Мектеп директору болуу үчүн талапкердин жети жылдык педагогикалык иш тажрыйбасы, педагогикалык жогорку билими болушу шарт.

Тестирлөөнүн ачык-айкындуулугун көзөмөлдөө үчүн мугалимдердин кесиптик бирлиги, билим берүү мекемелеринин, коомдук уюмдардын өкүлдөрү байкоочу болуп жатышат.

Билимдин сапатын жана маалымат технологияларын баалоо улуттук борборунун өкүлү Бактыгүл Шамшидинова билдиргендей, биринчи этапта 200дөн ашык талапкер документтерин тапшырган. Текшерүүдөн соң экинчи турга 149 талапкер өткөн.

Президент Садыр Жапаров 12-июлда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, беш жылдан көп убакыттан бери иштеп келген директорлор кызматтан алынып, ордуна жаңы жетекчи сынак аркылуу дайындалат.

Билим берүү жана илим министрлиги жарлыктын негизинде быйыл жаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директору алмаша турганын билдирген. (JsA)

XS
SM
MD
LG