Ош шаардык казыяты жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге "Биримдик жана ынтымак - бакубатуулук" аталышында жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.
Анда “үй-бүлө баалуулуктарын сактоо”, “жалган маалымат таратуунун кесепеттери”, “этностор аралык ынтымак, нарк-насил маселелери”, “конфессиялар жана этностор аралык ынтымак” темасында баяндамалар жасалды.
Жыйында диний ишмерлер, мэрия жетекчилеринен сырткары Кыргызстан калкы ассамблеясынын өкүлдөрү катышты.
Кыргызстан - көп улуттуу өлкө. Соңку маалыматтарга караганда, калктын 74% кыргыздар, 15% өзбектер, 5% орустар түзөт. Ош көп улуттуу жана көп түрдүү маданияты бар аймак катары белгилүү.
Кыргызстан эгемендик алгандан бери диний уюмдар жана диний объектилер көбөйгөн. 1990-жылдардын башында ислам, орус православ чиркөөсү, христиан адвентисттери жана католиктер эле болсо, учурда 30дан ашуун багыттагы ар кандай диний уюмдар жана 3 миңден ашуун диний объектилер бар. (TSh)
Дагы караңыз
Дача СУ: комиссия мамлекеттик органдардын маалыматын угатЭлчилик Орусиядагы мигранттарды документтерди ала жүрүүгө чакырдыКара-Балтадагы спирт заводу жаңыланат Жапаров Өзбекстандын президенти менен телефондон сүйлөштү