Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:25

Кара-Балтадагы спирт заводу жаңыланат


"Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы.
"Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы.

Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, өлкө аймагында өндүрүлгөн жана импорттолгон этил спиртин сатууга эксклюзивдүү укук алган “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасын модернизациялоо тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Фейсбуктагы баракчасында жазды.

“Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги менен өндүрүш процессинде жаралган көйгөйлөр, тармакты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кайрадан карап чыктык. Заводдун жетекчилигине август айында технологиялык процесстерди модернизациялоону бүтүрүп, ишке киргизүү боюнча тапшырма берилди”, - деп жазды Төрөбаев.

Кара-Балта заводу совет учурундагы алдыңкы ишканалардын бири болгон. Кийин аны модернизациялоого бир нече жолу аракет көрүлгөн.

Жакында президент Садыр Жапаров 1-сентябрынан тартып этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатууга 100% мамлекеттик монополия киргизүү үчүн "Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга 100% мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG