Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:22

Жапаров Өзбекстандын президенти менен телефондон сүйлөштү


Шавкат Мирзиёев жана Садыр Жапаров.
Шавкат Мирзиёев жана Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки өлкөнүн мамилесин жана Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгын талкуулашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта Жапаров Шавкат Мирзиёевду туулган күнү менен куттуктаганы дагы айтылат.

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 21-июлда Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү кеңешмеси өткөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмамоли Рахмон жана Сердар Бердымухамедов катышкан.

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын президенттери XXI кылымда Борбордук Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол койгон. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Тажикстан менен Түркмөнстандын президенттери Эмомали Рахмон менен Сердар Бердымухамедов өз өлкөлөрүндөгү ички процедуралар аяктагандан кийин ага кол коймой болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG