Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:50

Дача СУ: комиссия мамлекеттик органдардын маалыматын угат


Дача СУ. 2017-жыл, 16-январь. Кырсык болгон жерде тартылган сүрөт.
Дача СУ. 2017-жыл, 16-январь. Кырсык болгон жерде тартылган сүрөт.

Дача СУ каргашасын иликтеген коомдук комиссиянын отурумдары 20-августтан кайра уланат. Алар жуманын бейшемби күндөрү жыйынга чогулуп жаткан. Учурда көпчүлүк органдардын айрым кызматкерлери жайкы эс алууда болгондуктан жыйындын мөөнөтүн жылдырууга туура келген.

Комиссиянын төрагасынын орун басары Мавлян Аскарбеков кийинки отурумдарда мамлекеттик органдардын маалыматын угуу башталарын “Азаттыкка” билдирди.

Буга чейинки отурумда Дача СУдагы кырсыктан кийин чогултулган акча каражат жөнүндө маалымат алынган. Комиссиянын мүчөсү, журналист Дилбар Алимова кырсыктан кийин элден чогулган акчанын айрым бөлүгү казынага жана Социалдык фондго өткөрүлгөнү белгилүү болгонун айтып чыккан.

2017-жылдагы «Манас» аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна кулаган учак кырсыгынын жагдайларын иликтөө боюнча коомдук комиссия май айында түзүлгөн. Анын курамына саясатчылар, журналисттер жана активисттер кирген.

Мындан беш жыл мурда Бишкектин четинде, "Манас" эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушуна Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык Boeing үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулап түшкөн. Анда 85 тоннадан ашык жүк болгон.

Каргашада 35 жергиликтүү тургун (алардын 17си бала) жана төрт учкуч каза тапкан. Кырсыктын алгачкы күнүнөн тартып эле каргашанын себеби, учактагы жүктүн ээси, адамдарды куткаруудагы аракеттерге байланыштуу бир топ суроо жаралган. (TSh)

XS
SM
MD
LG