Кыргызстандын мурдагы президенти, учурда абакта жаткан Алмазбек Атамбаевге дарыланууга уруксат берүүгө кыргыз бийлигин чакырган кайрылууну 63 өлкөдөгү социалисттик жана социал-демократиялык партиялар жолдоду.
Бул тууралуу Кыргызстандагы "Социал-демократтар партиясынын" лидери Темирлан Султанбеков Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Кайрылуу ээлери Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев үч жылга жакын абакта кармалып турганын, учурда медициналык жардамга муктаж экенин белгилешкен.
"Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы абакта начарлап жатканына апрель айында биздин кеңештин баш катчысы өзү күбө болгон. Андан кийинки кайрылуубузга жооп иретинде Атамбаевге медициналык жардам алуусуна уруксат берүү жараяны узакка созулду. Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы күн өткөн сайын начарлап баратышына ал кармалып турган тергөө абагындагы шарттар да таасир этүүдө. Атамбаев тынымсыз дарыланып турууга муктаж болсо да ал түрмөгө кайтарылды. Ал эми ага токтоосуз жасалууга тийиш болгон эки медициналык операцияга уруксат берүү өтүнүчү улам жокко чыгарылып келе жатат", - деп жазылган кайрылууда.
Кайрылуу ээлери кыргыз бийлигин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чет өлкөдөн операция жасатууга уруксат берүүгө үндөгөн.
Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулганына байланыштуу кылмыш ишине айыпталып, 2020-жылы июнь айында 11 жылга соттолгон. Быйыл 15-мартта Жогорку сот буга чейинки инстанциялардын 11 жылга эркинен ажыраткан өкүмүн күчүндө калтырган.
Мурдагы президент Октябрь окуялары боюнча, Бишкектин жака белиндеги Калыс-Ордо жаңы конушуна мектеп куруу жана мурдагы “Себат” окуу жайынын түркиялык 10 демөөрчүсүнө Кыргызстандын жарандыгын берүү иши боюнча акталган.
Атамбаев 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча шек саналып жатат. Андан сырткары Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча да айып коюлган.
Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын августунан бери камакта отурат. 2020-жылы октябрь айындагы башаламандыкта абактан чыгып, кайра камалган. Мурдагы президент өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, саясий куугунтук деп атап келет.(ZKo)