Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:40

АКШнын президенти Жо Байден Израилге барды


АКШнын президенти Жо Байдендин Израилге барган учуру. 13-июль, 2022-жыл.
АКШнын президенти Жо Байдендин Израилге барган учуру. 13-июль, 2022-жыл.

АКШнын президенти Жо Байден расмий иш сапар менен Израилге барды. Аэропорттон аны Израилдин президенти Исаак Херцог, премьер-министри Яир Лапид жана мурдагы өкмөт башчы Нафтали Беннет тосуп алды.

Байден Иерусалимде эки күн болот, Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги талаш аймактарга барат жана анда Палестина автономиясынын президенти Махмуд Аббас менен жолугат.

Кошмо Штаттардын президенти израилдик кесиптештери менен чөлкөмдөгү туруктуулукту камсыз кылуу, Жакынкы Чыгыштагы эл аралык саясат, Ирандын позицияларына байланышкан маселелерди талкуулайт. Мындан сырткары Украинага көмөктөшүү жана Орусиянын агрессиясына каршы туруу темалары да күн тартибинде бар.

14-июлда Жо Байден менен Яир Лапид Израил менен АКШнын ортосундагы мамилени жалпылаштырган “Иерусалим декларациясына” кол коё турганы күтүлүүдө. Анда Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө милдеттемеси да камтылары айтылды.

Андан кийин Сауд Арабияга барып, анын жетекчилиги менен кездешет. Анда аскердик жана энергетика тармактарында кызматташуу маселелери кеп болот. Бул Байдендин президент катары Жакынкы Чыгышка жасаган биринчи сапары. (ErN)

XS
SM
MD
LG