Ички иштер министрлиги "Ихсан Групп ЛТД" турак жай кооперативине алданып калган жарандарды милицияга кайрылууга чакырды. Мунун алдында аталган компаниянын жетекчиси Акинай Бекмурзаева кардарлардын нааразылыгына байланыштуу камакка алынган.
Бул окуя турак жай кооперативдери жана алардын ишмердигине байланыштуу маселени кайрадан күн тартибине чыгарды.
Тапканы тамга буюрбагандар
Бишкек шаарынын атын айткысы келбеген тургуну Сокулук районундагы үйүн сатып, 2014-жылдан бери топтоп жүргөн акчасын кошуп "Ихсан" аркылуу борбор калаадан үй алмай болгон. Ага аталган компания батирди ушул жылдын 11-февралынан кечиктирбей берүүнү убада кылган. Үйү айтылган убакта колуна тийбегендиктен, милицияга май айында эле арыз жазган.
"Мен 700 миң сомдон ашык акча салгам. Келишимге кол койгонбуз, үйдү ушул жылдын 11-февралынан бир дагы күн кечиктирбей алмакмын. Тилекке каршы, андай болгон жок. Ошондон бери эле "ана беребиз, мына беребиз" дей беришип, акыркы күндөрү ал жакка барыштан деле өзүм тажап калдым. Мен алардан сураганда мага окшоп акчасын бергендер алты миң адам деп айтышкан. Ошончо акчанын баарын кайтарат деп элестете да албайм. Мен милицияга кайрылгам, ошондо тергөөчүлөр деле көңүлкош карап жаткан. Эми жыйынтык чыгарына деле көзүм жетпейт. Ошончо акчаны эми кантип өндүрүп алам? Ушунча үмүт менен үй алып алгандар деле үйүн бербейт да. Булардын банк эсебинде акча барбы же жокпу, ал деле күмөн".
Бишкек шаарынын тургуну Айзуура жарым жыл мурун Москвада иштеген эжеси менен жездесинин алты миң долларын ушул кооперативге салган. Бул аралыкта кезеги да жетпей, акчасын да кайтара албай жатканын айтат. Ал акыркы эки айдан бери турак жай кооперативинин Бишкектеги кеңсесине күн алыс каттап, акчасын кайтара албай убара:
"Мен "диний ишеними бар адамдар экен, демек алдабайт" деп ойлоп бардым. Ортодогу келишим менин атыма түзүлдү. Бирок, ошол эле ишкананын адиси өзү мага "акчаңарды алып кеткиле, бул жакта ызы-чуу башталды" деп кабарлады. Мен барып, кайра акча алганга арызымды жаздым. Эки жарым айдан бери кезегим келе элек. Кезегим улам эле жылып кетип жатат. Мен ортого түшүп, акчаны салгандан кийин алып берейин деп убара тартып жүрөм. Жездем менен эжемдин төрт баласы бар. Алар көптөн бери үй алабыз деп ушинтип талаалап иштеп жүрүшкөн. Ошончо мээнет кылган акчасынан да айрылып, үйү да жок калышты. Мен деле аларга жакшылык каалаган элем, мунун айынан ортодо туугандар арасында да түшүнбөстүк жаралат экен. Кеңсеге барган сайын ый менен коштолгон ызы-чууга күбө болосуң. Бири акчасынын баарын төккөн, дагы бири үйүн сатыптыр. Эми эмне болот, бүдөмүк..."
Айжаркындын агасы Бишкектин четиндеги үйүн сатып, болгон акчасын кооперативге төккөн экен. Ал ушул тапта бир туугандары үйсүз калып, батирлеп жүргөнүн айтат:
"Алар жаңы үй алабыз деп чакан үйүн сатып, бардык акчасын кооперативге төккөн. Эми батирге акчаны картайган апамдын пенсиясы менен төлөп жатышат. Агам ал үйдө балдары, апам, ооруган эжем, кош бойлуу жеңем менен жашачу. Эртең жеңем көз жарса, бизди кандай күн күтөт, түшүнүксүз. Бул маселе кантип чечилет деп кейип отурабыз".
"Ихсан" турак жай кооперативинин кардарларынын айрымдары Орусияда иштеген мигранттар. Новосибирск шаарында жолдошу менен иштеген Жаркынай үй алам деп үч жыл тынбай тапкан акчасын кооперативге салган. Жубайлар учурда миллион сомун ала албай отурат:
"Орусияда күйөөм жүк ташып, мен үй жыйнап иштейм. Балабызды Кыргызстанга таштап, атайын үй алалы деп миграция кеткен элек. Минтип үч жыл топтогон акчабыздан айрылып, нес болуп отурабыз. Же бул жактан Кыргызстанга бара албасак... Бизге чейин баары эле катары менен үй алып атканын айтып, жарнамалар болгон. Бизге келгенде эле ушундай болдубу, түшүнүксүз. Эмне кылышыбызды билбей калдык. Эл сыяктуу жакшы жакка чечилет деп күтүп отурабыз".
"Ихсан" боюнча арыз-даттануулар мартта түшө баштаган
Соңку учурларда "Ихсан" аркылуу үй, же салган акчасын кайтарып ала албай жаткан айрым адамдардын нааразылыгы күчөгөн. Социалдык тармактарда компаниянын башчысы Акинай Бекмурзаеванын аларга ар кандай убадаларды берип жатканы тартылган видеолор тараган.
Ички иштер министрлиги Бекмурзаева Кылмыш кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу") менен козголгон кылмыш иштерин тергөөнүн алкагында, 11-июлда кармалганын билдирди. Ага ылайык, "Ихсанга" байланыштуу март айынан бери арыз-даттануулар көп түшө баштаган. Анда алдын ала зыяндын өлчөмү 121 313 950 сом деп эсептелген жана аталган кооператив бул убакытка чейин зыяндын ордун толтурган эмес.
"Арыз ээлери кооперативге кирерде түзүлгөн келишим боюнча 4-7% өлчөмүндө кирүү акысын жана автоунаа же турак жай сатып алуу үчүн алынган мүлктүн наркынан 25-35-50% өлчөмүндө баштапкы төлөмдөрүн төлөшкөн. Жарандар ушул убакка чейин салынган акчасына турак жай жана автоунаа ала элек, ал эми акчасын кайтарып алууну каалаган жарандарга кооперативдин жетекчилиги кайтарып берген эмес", - деп жазылган маалыматта.
ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева учурда жабыркагандардын саны, чыгымы такталып жатканын жана алар милицияга кайрылышы керектигин билдирди.
"Тергөө кызматы учурда мүлкү жана банк эсептери камакка алынган “Ихсан Групп ЛТД” коммерциялык эмес турак жай кооперативинин башкармалыгына жана уюштуруучуларына козголгон кылмыш иштерин тергеп жатат. Кооперативдин күмөндүү ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жарандарга миллиондогон сом зыян келтирилген. ИИМ жарандарды сак болууга, финансылык сабаттуулукту жогорулатууга, жеңил жана тез баюу убадаларына ишенбөөгө жана жабыркагандарды милицияга кайрылууга чакырат".
"Азаттык" соңку окуялар тууралуу "Ихсан" кооперативинин өкүлдөрүнө комментарий алуу үчүн кайрылды, бирок бул макала жазылып жаткан чакта жооп ала алган жок.
"Кооперативдер боюнча мыйзам жазылууда"
Милициянын билдиришинче, жыл башынан бери турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча 73 кылмыш иши козголуп, 37 материал сотко жөнөтүлгөн.
Ал арада Жогорку Кеңештеги "Ишеним" фракциясы турак жай кооперативдерине байланыштуу мыйзам долбоорун даярдоо үчүн жумушчу топ түзгөнү белгилүү болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" фракция лидери Улугбек Ормонов билдирди.
"Биз ишти эми баштап жатабыз, атайын жумушчу топ түзүлгөн. Күзүндө даяр болгондо айталы. Себеби өтө көп маселе бар. Элдин алданып калганы, дагы башка маселелер көп да. Ошого биз мыйзам аркылуу бөгөт коюу жолдорун карап, ошонун үстүнөн иштеп жатабыз. Бардык жолдорун карайлы деп жатабыз".
Бул жумушчу топко Кооперативдер бирлигинин төрайымы Айнура Иманбекова да кирген. Ал турак жай кооперативдерди туура иштетүүдө алешемдиктер кеткенин, мыйзамдар так болбой, көзөмөл жүрбөгөнү азыркыдай абалга алып келгенин айтат.
"Биринчиден, мындай ишмердикти жүргүзүү тууралуу мыйзамда так жазылган эмес. Экинчиден, уюштуруучулар ишин дүркүрөтүп эле баштап кетти. Ошол эле учурда буга көзөмөлдүн жоктугу болду. Банк тараптан көзөмөл болгон жок. Эл ошончо акчаны төлөп жаткандан кийин мамлекеттен көзөмөл болушу керек эле. Эгерде кооперативдердин жетекчилери элден чогулган акчага кол сала турган болсо жалпы жыйында кайсы, канча акча кайда жумшаларын чечип алышы керек эле. Алар акчаны өз алдынча жумшабашы керек болчу. Чогулган акча тартиби менен жумшалып жатса, биз аны күнөө деп эсептебешибиз керек. Ашыкча кол салып жиберген болсо анда жоопкерчиликке тартуу керек. Ошон үчүн жагдайды эки бөлүп караш керек. Батирлерди бир айда, эки айда беребиз деп айтып алып да жаңылып калышты. Ошол убакта үй албай калгандар "алдамчылар" деп айта башташты. Балким аларга кезек тийгенде алышат эле, булар балким убакытты чектеп алып жаңылып калышты. Андан сырткары элди тартабыз деп кооперативдердин табиятына карама-каршы келген маркетингди колдонуп коюшту. Эми ошондон жапа чегип жатышат. Эгерде элден мисалы 100 миң сом келсе, анын 90 миңи элге, калган 10 миңи ар кандай чыгымга жумшалган болсо биз анда аларды күнөөлөй албайбыз. Эгер чогулган акчанын теңи гана турак жай алууга кетип, калганы максатсыз жумшалганы аныкталса анда андайлар жооп бериши керек. Ошондуктан элдин баары чурулдап жатат, баарын камап салалы дегенден алыс болушубуз керек.
Кыргызстанда канча турак жай кооперативи бар экени белгисиз. Бейрасмий маалыматтарга ылайык, алардын саны 70тин тегерегинде.
Буга чейин Улуттук банк адамдардан каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик каржылык пирамиданын элементтерине окшош экенин эскерткен.
Экономист Кубан Чороев кардарлары нааразы болуп жаткан турак жай кооперативдери эске албаган жагдайларды белгиледи.
"Негизинен турак жай кооперативдери батир бериле турган датаны так айтпайт. Кооперативдердин үйдү эки айда, төрт айда алып беребиз дегенинин өзү эле чоң тобокелдик. Ошол мөөнөттө алып бербей койгондо аларга акча салган адамдар өздөрүн алданып калгандай сезишет. Ошондуктан кандайдыр бир мөөнөттү чектеп, ага кепилдик бербеши керек эле. Экинчи принцип - кооперативдер батирди кезек менен алып берет. Ал кезек болушунча ачык-айкын болушу керек. Аларда болсо кезек такыр эле болгон эмес, "25-30% төк, ушунча мөөнөттө алып беребиз" деген убадаларды беришкен. Үчүнчүдөн, ошол сатылып алган батирлерди кооперативдердин менчигине эмес, ошол адамдардын менчигине каттап койгон. Бул кооперативдердин принцибине жатпайт. Ар дайым жамааттын менчиги болушу керек. Азыр эми үч миңдей адамга үй сатып бердик деп жатат. Үйлөр ошол үч миң адамдын атына катталган. Эгер мыйзам сакталганда ошол үч миң үйдү кайра сатыкка коюп, ким канча акча кошсо ошолорго кайтарылып берип, кооператив жоюлуп, баары тарап кетмек. Эми ошол мыйзамдагы ликвидация жол-жобосун өткөрүү мүмкүн эмес болуп калды. Эми болсо ошол үч миң адамдын ар бири менен соттошуп чыгуу керек болуп калат".
Буга чейин "Ихсандан" башка турак жай кооперативдерине да нааразылыктар айтылып, милицияга арыздангандар болгон. Бишкекте "Белый Дом Кейжи, Ошто S-LINE турак жай кооперативинин жетекчилери алдамчылыкка шек саналып кармалган.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын былтыр жарыялаган эсебине ылайык, Кыргызстанда кеминде 200 миң адам турак жайга муктаж. Бийлик 2026-жылга чейин 60 миң кишини үйлүү кылуу тууралуу убадаларды берген.