Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:37

Орусиянын Башкы прокуратурасы дагы 23 сайтты бөгөттөдү


Орусиянын Башкы прокуратурасы бөгөттөгөн маалыматтык жана саясий багыттагы 23 сайттын ичинде "Эркин Бурятия", бир нече украин сайттары, аялдардын L'Officiel журналынын сайты жана австриялык IT-компаниянын Kaleido деп аталган сайты бар.

"Эркин Бурятия" фонду Украинадагы согушка катышып жаткан аскерлерге келишимдерди бузуп, үйүнө кайтууга жардам берип келет. Фонддун жардамы менен 150гө чамалуу бурятиялык аскер согуштан кайтып келген. Аларды кое берердин алдында аскер жетекчилиги жабык аймакта бир нече күн кармап, кылмыш иши козголорун айтып, коркутушканын фонддун жетекчилиги кабарлаган.

"Роскомэркиндик" долбоорунун маалымдашынча, Украинадагы согуш башталгандан бери Орусиянын Башкы прокуратурасы 5400дөн ашуун сайтты бөгөттөдү. Алардын ичинде көз карандысыз маалымат каражаттарынын, укук коргоо уюмдарынын, саясий партиялардын, айрым коомдук ишмерлердин жана саясатка тиешеси жок - аялдарга арналган жана спорттук сайттар да бар.

Бөгөттөлгөн сайттарга "Азаттыктын" бир катары кызматтарынын сайттары да кирген.

Орус күчтөрү "атайын аскердик операция" деген жүйө менен 24-февралда Украинага басып кирген. Беш айга чукулдаган согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундар арасында миңдеген курмандыктар катталды. БУУнун 11-июлдагы эсебинде, 9 миллиондой адам Украинаны таштап чыгып кетти.

XS
SM
MD
LG