Кыргызстан Британияга ичүүчү суу экспортоону көздөйт

Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Улуу Британияга сапарынын алкагындагы сүйлөшүүлөрдө билдиргенин өкмөттөн кабарлашты. Анда Касымалиев Британиянын БУУ жана шериктештиктин Түштүк жана Борбордук Азия маселеси боюнча мамлекеттик министри Тарик Ахмад менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын абалы жана келечеги тууралуу сөз болгон сүйлөшүүлөрдө Адылбек Касымалиев Кыргызстандын ичүүчү таза сууну экспорттоодогу потенциалына жана аны Улуу Британиянын рыногуна жеткирүү маселесин койгон.

Британ өкмөтүнүн өкүлү бул сунуштарды карап, ишке ашырууну колдоого даярдыгын билдирген.

Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү өлкөдө өндүрүлгөн ичүүчү сууну экспорттоочу товарлардын катарына кошуп келет. Расмий маалымат боюнча, 2020-жылы Кыргызстанда 34 миллион литр ичүүчү суу өндүрүлгөн. (BkA)

Дагы караңыз

Жапониядагы шайлоодо армия түзүүнү жактаган партиялар утуп чыктыОрусия "Түндүк агым" кууру аркылуу Европага газ берүүнү токтоттуКыргызстан бир кредитордун алдында тышкы карыздын чегин белгиледиКыргызстан санкциядагы товарларды Орусияга өткөрүшү мүмкүн деген өлкөлөрдүн катарына кошулду АКШ Украинага дагы төрт HIMARS системасын жөнөтөтЧасов Ярда ракета тийген үйдүн урандысынан ондон ашык кишинин сөөгү табылды