Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:34

Орусия "Түндүк агым" кууру аркылуу Европага газ берүүнү токтотту


Орусиядан Европага көгүлтүр отун жеткирүүчү куурлар.
Орусиядан Европага көгүлтүр отун жеткирүүчү куурлар.

Орусия 11-июлдан тартып "Түндүк агым" газ кууру аркылуу Германияга көгүлтүр отун жеткирүүсүн токтотту.

Куурду тейлеген оператор – Nord Stream AG компаниясы бул жөнүндө алдын ала кабарлап, аны оңдоо иштерине байланыштырган. Ишкана ал жумуштар 21-июлга чейин созуларын билдирген. Куурга Орусиянын "Газпром" компаниясы ээлик кылат.

"Түндүк агым" газ кууру оңдоо иштерине байланыштуу жыл сайын эле убактылуу токтоп турат. Бирок өткөн айларда куурдун эки турбинасы бузулду деген шылтоо менен газ жеткирүү кыйла кыскарып кеткен.

Германия жана Евробиримдиктин башка өлкөлөрү Украинадагы согуштун фонундагы тирешүүдөн улам газды берүү кайрадан жанданышынан күмөн санап турушат. Бул Европада кризис жаратышы мүмкүн.

Орусиянын мамлекеттик "Газпром" компаниясы "Түндүк агым" газ куурунун "Портовая" станциясындагы Siemens турбиналарынын дагы бирин токтотту. Бул тууралуу компаниянын Телеграм каналында маалымдалды.

Орусиянын Украинага кол салуусунан чейин Германия көгүлтүр отунду керектөөсүнүн 50% ашыгыраагын Москвадан алган. Берлин отун-энергетикалык көз карандылыктан чыгуу үчүн муну азайтуу аракеттерин баштаганын, бирок ал көп жылга чейин созуларын билдирген.

Орусия газды Европага Украинанын аймагындагы куурлар жана Балтика деңизинин түбүндөгү “Түндүк агым” куурлары аркылуу алып өтчү. Киевге болгон көз карандылыкты жоюу үчүн Москва деңиз түбүнө экинчи линия катары “Түндүк агым-2” долбоорун курду. Анын курулушу 2021-жылы сентябрда бүткөн, 2022-жылы ишке берилиши керек эле. Учурда анын сапатын текшерүү үчүн сертификациялоо иштери жүрүп жаткан.

Москва Донбасстагы жикчил “республикалардын” көз карандысыздыгын тааныгандан кийин Германиянын канцлери Олаф Шольц 22-февралда “Түндүк агым-2” долбоорунун сертификациясын убактылуу токтоткон. “Түндүк агым-1” долбооруна санкция салынган эмес. Биринчи газ кууру 2011-жылдан бери иштейт жана жылына 55 млрд. метр куб газ ташууга жөндөмдүү. (ErN)

XS
SM
MD
LG