Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:23

АКШ Украинага дагы төрт HIMARS системасын жөнөтөт


HIMARS системасы. Украина.
HIMARS системасы. Украина.

Жекшембиде Украинанын экинчи чоң шаары – Харьков, дагы бир катар облустар аткыланганы кабарланды. Ал арада украиналык он миң жоокер Британияда машыгуудан өтө баштады. АКШ болсо дагы 400 миллион долларга аскердик жардам жөнөтүлөрүн билдирди.

9-июлда орус армиясынын ракетасы Донецк облусундагы көп кабаттуу турак жайга тийип, бери дегенде он беш киши мерт кетти.

Часов Яр шаары соккудан кийин. 10-июль 2022-жыл
Часов Яр шаары соккудан кийин. 10-июль 2022-жыл

Донецк облусунун жетекчиси Павел Кириленконун айтымында, ишембинин кечиндеги соккудан Часов Яр шаарындагы үйдүн эки подъезди толугу менен урап калды. Согуш баштала электе шаарчада 12 миңдей киши жашачу.

Анын алдында Орусиянын Коргоо министрлиги Часов Ярга жакын жерде “америкалык гаубицалар сакталган кампа жана украиналык 30 согушкер таамай атуучу куралдан жок кылынганын” билдирген.

Украин президентинин администрация башчысы Андрей Ермак соккуну “дагы бир террордук чабуул” деп атап, Орусия “террорду сүрөөнгө алган мамлекет” катары сыпатталууга тийиш деп кошумчалады.

Шаарча орус аскерлери жакындоо аракетин көрүп жаткан Бахмуттун жанында орун алган.

Жекшембиде Украинанын экинчи чоң шаары – Харьковго бир нече ракета атылганы кабарланды. Облус прокуратурасы дүрмөттөр бир мектеп, жер там жана балдардын санаторийине тийгенин, бир нече имарат жарым-жартылай талкаланганын билдирди. Мында 62 жаштагы киши жараат алды.

Украин бийлигинин өкүлдөрү кабарлагандай, 10-июлда эртең менен орус күчтөрү чыгыштагы Славянск шаарынын айланасындагы райондорго чабуул коюп, бирок чегинүүгө аргасыз болду.

Ишембиде Кривой Рог шаарында орустардын аткылоосунан эки киши набыт болгон. Бул тууралуу Днепропетровск облсунунун жана калаанын жетекчилери билдиришкен. Алардын маалыматына караганда, каза тапкандардын экөө тең аял. Дагы үч киши жараат алды, 20 чакты турак үй зыянга учурады. Шаар майдан тилкесинен ондогон чакырым алыс жерде жайгашкан, кадимки артиллериянын соккулары ал жакка жетпейт. Украин расмий өкүлдөрү каршы тарап алыска атуучу "Торнадо-С" системасын пайдаланганын айтууда. Орус аскерлери бул соккуну комментарийлешкен жок.

Харьков жана Николаев облус администрациялары да аткылоолор тууралуу маалымдашты. Өз кезегинде орусиячыл жикчилдер Луганск аймагындагы Алчевск шаары америкалык HIMARS жабдуусунан аткыланганын айтышууда. Бирок бул кабарды бышыктаган көз карандысыз булактар жок.

Украин аскерлери Манчестерге жакын жердеги базада. 7-июль 2022-жыл
Украин аскерлери Манчестерге жакын жердеги базада. 7-июль 2022-жыл

Ал арада британ Коргоо министрлиги украиналык 10 миң жоокер Британияда бир нече апталык машыгуудан өтө баштаганын билдирди.

"Машыгуу абдан маанилүү. Согушта, Орусияга каршы күрөшкөндө мүмкүн болушунча мыкты даярдыкта болуш керек. Биз ошону менен алектенүүдөбүз. Албетте, украиналыктар өз билимине жана тажрыйбасына таянат. Бул жакта майдандан келген, ал жерде эмне болуп жатканынан кабардар, катардагы жоокерлердин дараметин жогорулатуу үчүн эмне кылыш керектигин жакшы билген тажрыйбалуу офицерлер жүрөт", - деп айтты британ коргоо министри Бен Уоллес.

Кошмо Штаттар да өз тарабынан Киевге көмөктөшүүнү улантууда. Апта аягында президент Жо Байден дагы 400 миллион долларлык аскердик жардам бөлүү тууралуу документке кол койду. Анын алкагында украин армиясы дагы төрт HIMARS системасын алмакчы. Пентагондун өкүлү бардыгы болуп Украинага берилген реактивдүү сокку уруучу алдыңкы системанын бул түрү 12 даанага жетерин маалымдады.

Ишембинин кечиндеги кайрылуусунда украин президенти Владимир Зеленский Вашингтонго ыраазылыгын айтты:

"Кошумча HIMARS системалары жана башка таамай атуучу курал-жабдуулар орус ракетеларынын биздин тирүү адамдарга соккуларын азайтууга өбөлгө түзмөкчү".

Ошол эле видео кайрылуусунда Зеленский бир катар өлкөлөрдөгү элчилерди кызматтарынан бошотууну комментарийлеп жатып, муну “дипломатияда боло жүргөн ротация” деп сыпаттады.

Президенттин айтымында, Германия, Чехия, Венгрия, Норвегия жана Индияга жаңы элчилер дайындалат.

XS
SM
MD
LG