Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:35

Жапониядагы шайлоодо армия түзүүнү жактаган партиялар утуп чыкты


Жапониядагы парламенттик шайлоодон кийинки добуштарды эсептөө учуру. Токио, Жапония.
Жапониядагы парламенттик шайлоодон кийинки добуштарды эсептөө учуру. Токио, Жапония.

Жапонияда жекшемби күнү өткөн шайлоодо Конституцияны өзгөртүүнү жактаган партиялар көп добуш алып, парламенттин жогорку палатасында көпчүлүк орунга ээ болушту. Бул тууралуу жапон маалымат каражаттары кабарлады.

Баштапкы санактарга ылайык, башкаруучу Либералдык-демократиялык партиясы жана "Комэйто" партиясы, бул маселеде аларды жактаган “Жапониянын жаңылануу бирикмеси” партиясы мандаттардын үчтөн экисин алышат.

Аталган партиялар Конституциянын эл оозунда “тынчтык беренеси” деп аталган 9-беренесин өзгөртүүнү сунуштап жатышат. Анда Жапония өзүнүн армия кармабай турганы жана согуштарга катышпай турганы айтылган. Учурда өлкөдө Өзүн-өзүн коргоо күчтөрү гана бар.

Экс-премьер-министр, Либералдык-демократиялык партиясынын мүчөсү, 8-июлда үгүт маалында өлтүрүлгөн Синдзо Абэ дагы Конституцияны өзгөртүү идеясын жактап келген. Колго жасалган куралдан Абэге эки жолу аткан адам 41 жаштагы жапон жараны, мурдагы аскер кызматкери Тэцуя Ямагами экени аныкталды.

Синдзо Абэден кийин премьер-министр болгон Ёсихидэ Суга жана азыркы премьер-министр Фумио Кисида 70 жыл мурда жазылган Конституция азыркы саясий шарттарга жооп бербей турганын жана Жапония өз армиясын түзүшү керектигин бир нече жолу айтышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG