Жапониянын мурдагы өкмөт башчысы Синдзо Абэге кол салуу болду

Окуя Нара шаарында, Синдзо Абэ эл алдында сүйлөп жаткан учурда болгон.

Жапон өкмөтүндө мурдагы премьер-министр Синдзо Абэге кол салуу болгонуна байланыштуу кризистик штаб түзүлдү. “Киодо” маалымат агенттиги билдиргендей, штабды өкмөт башчы Фумио Кисида жетектемей болду, ал Ямагата префектурасында шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу иш сапарын токтотуп, борбор калаа Токиого чукул кайтып барды.

Синдзо Абэ. Архивдик сүрөт.

Окуя Нара шаарында, Синдзо Абэ эл алдында сүйлөп жаткан учурда болгон. NHK телеканалынын кабарчысы жеринен маалымдагандай, алгач ок атылгандай добуш чыгып, мурдагы өкмөт башчы кансырап жатып калган.

Дароо ооруканага жеткирилген Абэнин абалы азыркы тапта үмүттөндүрөрлүк эмес экенин жазып жатышат.

Полиция кылмышка шектүү адамды кармап, азыр суракка алууда.

67 жаштагы Абэ 2015-жылы жубайы менен Кыргызстанга расмий сапар менен келип кеткен. Ал жапон өкмөтүн 2006-2007 жана 2012-2020-жылдары башкарган.

Абэ Нара шаарында парламенттин жогорку палатасына шайлоо өнөктүгү алкагында өзү мурда жетектеген Либералдык-демократиялык партияны колдоп сүйлөп жаткан. Азыр бул партияны азыркы өкмөт башчы Фумио Кисида жетектөөдө.

Дагы караңыз

Украина Батыш берген куралдын пайдасын көрө баштадыКайгуул кызматы жолдордо кайыр сурагандар тууралуу маалымат тараттыUSAID Куршабга жөө жүргүнчүлөр үчүн жол салууга жардам бердиТүркмөнстан: Бийликтегилер эс алып жаткан аймактагы тургундардын кондиционерлери алынууда