Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:01

USAID Куршабга жөө жүргүнчүлөр үчүн жол салууга жардам берди


Куршаб.
Куршаб.

Ош облусунун Куршаб айылынын тургундары биргелешип USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун жардамы менен айылдагы үч чакырым тротуарды жаңылап алышты.

Долбоордун өкүлдөрү "Азаттыкка" 7-июлда маалымдагандай, бул көчө аркылуу жергиликтүү тургундар эң көп катташат. Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында активисттер 2020-жылы демилге тобун түзүп, бир нече жолу коомдук талкуу өткөрүшкөн.

Тротуарды оңдоп-түзөөгө жергиликтүү жеке ишкерлер 612 миң сом, ал эми чет жерде иштеген айылдаштар 272 миң сомдон ашуун каражат чогултуп колдоо көрсөтүштү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы дээрлик 1,5 миллион сом бөлүп берсе, «Жигердүү жарандар» долбоору да 1,5 миллион сомго акчалай эмес салымын кошкон.

Куршаб айылындагы аялдар кеңешинин жетекчиси жана демилгелүү топтун мүчөсү Аминакан Калыкова тротуар оңдолгону мектеп окуучулары, ата-энелер, улгайган жана майыптыгы барлар үчүн ыңгайлуу болуп калганын белгилеп, «Мурда мектепке бара жатканда балдарыбыз автоунаа жүргөн жол менен басууга мажбур болушкандыктан кокусунан машина уруп кетеби деп коркчубуз” деп айтты.

«Жергиликтүүлөр башында турган демилгенин ийгиликтүү ишке ашырылышына USAID салым кошкону үчүн сыймыктанабыз», – дейт USAID миссиясынын башчысы Кайя Адамс.

Куршаб айылынын калкы 19 миң адам. "Жигердүү жарандар" долбоору 2020-жылдан бери Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош областтарынын он муниципалитетинде жыйырма жарандык демилгени колдоп келүүдө, алардын ичинен сегиз демилге аягына чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG