Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:31

Кайгуул кызматы жолдордо кайыр сурагандар тууралуу маалымат таратты


Милиция кызматкерлери “Кайырчы” рейдин өткөрүп жаткан учуру. Чүй, Кыргызстан. Архив.
Милиция кызматкерлери “Кайырчы” рейдин өткөрүп жаткан учуру. Чүй, Кыргызстан. Архив.

Бишкек милициясынын Кайгуул кызматы калаанын автоунаа жолдорунда кайырчылык кылгандардын арасында бирөөнүн атып жамынып, алдамчылык менен каражат жыйнап жаткандар аныкталганын маалымдады.

“Мисалы, видео тасмадагы Ажара аттуу кичинекей кыз Түркиядан дарыланып келгенине эки жумадан ашкан. Ошого карабастан, уюштуруучулар тарабынан акча чогултуу иштери уланып жаткандыгы аныкталган. Учурда тилемчиликти күнүмдүк жумушуна айландырган кайырчылар дейбизби же ыктыярчылар дейбизби, айтор Кайгуул кызматы тарабынан текшерилип, аларды жолдордон тазалоо иштери жүрүп жатат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Акыркы жылдары айрыкча Бишкек шаарынын көчөлөрүндө кайырчылык кылган же кайсы бир жарандын чет өлкөгө дарылануусуна каражат чогулткандар көбөйдү. Буга чейин милиция алар жол коопсуздугун бузуп жатканын эскертип келишкен.

Кыргызстанда ден соолугуна байланыштуу элдин жардамына муктаж болгондор да арбын. Айрыкча жаш балдардын арасында ракка же башка катуу ооруларга чалдыккандар, чет жактан дарыланышы керек болгондор, кайрымдуулук уюмдарына, элге кайрылгандар бар. Алардын дарылануусуна кете турган акчаны чогултууда ыктыярчылар тартылган учурлар да жок эмес. (TSh)

XS
SM
MD
LG