Бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынды

Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрлик атайын буйрук чыгарып, билим берүү жөнүндөгү документтерди тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чаралар билим берүү органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн жана ата-энелердин катышуусунда өтүшү керектигин белгилеген.

Буйрукту аткарбаган мектеп жетекчилерине дисциплинардык жоопкерчиликтен тартып кызмат ордунан бошотулганга чейинки чара көрүлүшү ыктымал.

Кыргызстандын бардык мектептеринде акыркы коңгуроо 9-июнда болду. Ал эми 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу аземи 5-7-июлда өтөт. Быйыл Кыргызстан боюнча 68 миң окуучу мектепти аяктады.

Буга чейин мектепти бүткөнүн майрамдаган окуучулар ар кандай кырсыкка, анын ичинде автокырсыкка кабылган учурлар катталган. Ошондуктан министрлик жыл сайын бүтүрүү кечелерин мектептен тышкары коомдук жайларда өткөрүүгө тыюу салып келет. (КЕ)

Дагы караңыз

Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин ИИМге өткөрүп бердиЭстония орусиялык тик учактар чек ара эрежелерин бузуп жатканын билдирдиНазарбаевдин жакын тууганы Самат Абиш сурак бердиЧет өлкөлүктөр үчүн казинолорду ачууга уруксат берилетУкраинага курал жеткирүү талашынан улам Италияда ири партия бөлүндү