Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:35

Украинага курал жеткирүү талашынан улам Италияда ири партия бөлүндү


Италиянын тышкы иштер министри Луиджи Ди Майонун Киевге келген учуру. 15-февраль, 2022-жыл.
Италиянын тышкы иштер министри Луиджи Ди Майонун Киевге келген учуру. 15-февраль, 2022-жыл.

Украинага курал жеткирүү талашынан улам Италиянын парламентиндеги "Беш жылдыз кыймылы" партиясы чачырады. Бул саясий топ атынан өкмөткө кирген тышкы иштер министри Луиджи Ди Майо фракциядан чыкканын жар салды. Бул тууралуу Италиянын Il Post басылмасы кабарлады.

Италиялык медиалар жазгандай, мурдагы премьер-министр Джузеппе Конте жетектеген бул партиянын мүчөлөрүнүн көбү Украинага курал жеткирүүгө каршы чыгышкан. Алар бул аракет андагы согушту дагы узартат деп эсептешет. Ди Майо буга каршылык билдирип чыккан, Il Post басылмасы келтиргендей, ал украин президенти Владимир Зеленскийдин тарапкери болуп саналат.

Италиянын тышкы иштер министри мындай чечимди кабыл алуу “оңой болбогонун” билдирген. Ди Майо партиянын мүчөлөрү мындан ары “тарыхтын кайсы тарабында болорун так аныктап алышы керектигин, же жабыркаган Украина, же агрессор-Орусия тарапты тандашы керектигин” айтты.

Мурдараак НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг германиялык Bild am Sonntag басылмасына курган маегинде “Украинадагы согуш бир нече жылга созулуп кетиши мүмкүндүгүн билдирип, өнөктөштөрдү Киевди колдоосун токтотпоого" чакырган. Ал жардам Батыш өлкөлөрүнүн өзүндөгү кыйынчылыктарга карабай, уланышы керектигин айткан.

Столтенбергдин сөзүнө караганда, жакын арада Мадридде өтчү саммитте НАТОдогу шериктештер Орусияны расмий түрдө “өнөктөш эмес” деп таап, аны “коопсуздукка коркунуч келтирчү мамлекет” деп атай турганын маалымдаган. Ал саммитте Украинага жаңы курал жеткирүү маселеси да чечилмекчи. (ErN)

XS
SM
MD
LG