Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:51

Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин ИИМге өткөрүп берди


Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши Башкы прокуратуранын карамагынан Ички иштер министрлигине өткөрүлдү. Бул маалыматты анын адвокаты Кайсын Абакиров "Азаттык" радиосуна ырастады. Маалыматка караганда, иш тергөөнүн объективдүү болушу үчүн ИИМ менен УКМКнын тергөөчүлөрү кирген ведомстволор аралык топко берилген.

Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда коррупцияга шек саналып кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына бир айга камалган. Ал 16-июнда үй камагына чыккан. Башкы прокуратура ага карата жети кылмыш ишин козгогон.

Кийин президент Садыр Жапаров кылмыш ишинин жагдайларын иликтөө үчүн атайын комиссия түзгөн эле. Башкы прокурор Курманкул Зулушевди жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан убактылуу четтеткен. Мындай чечимге эки чиновниктин ортосунда түзүлгөн жеке мамиле себеп болгону айтылган.

16-июнда Курманкул Зулушев кайра өз милдетин аткарууга киришти. Бул тууралуу тескемеге Садыр Жапаров кол койгону тууралуу маалымат президенттин сайтына жарыяланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG