Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:23

Эстония орусиялык тик учактар чек ара эрежелерин бузуп жатканын билдирди


Орусиянын аскердик тик учактары. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын аскердик тик учактары. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын аскердик учактары жана тик учактары орус-эстон чек арасында машыгуу өткөрүп, Эстониянын аймагына ракеталык сокку урган сыяктуу көнүгүүлөрдү аткарып жатышат. Бул тууралуу 22-июнда Эстониянын коргоо министрлигинин канцлери Кусти Салм финляндиялык Iltalehti гезитине курган маегинде билдирди.

“Орусиялык тик учактар чек ара эрежелерин бир нече жолу бузду. Мында кеп жээкке жакындап кеткен кемелер же кокустан учуп өтүп кеткен учактар жөнүндө эмес, тик учактар жөнүндө сөз болуп жатат. Тик учактар чек араны кокустан бузуп өтпөйт”,-деди Кусти Салм.

Эстониянын Коргоо министрлиги кырдаалды өтө олуттуу деп баалады жана НАТОнун саммитин утурлай ага мүчө өлкөлөрдүн чек араларында машыгуулар күчөгөнүн кабарлады. Уюмдун саммити келерки аптада Испанияда өтөт, анда Украинага берилчү кезектеги жардам маселеси талкууланышы керек.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Эстониянын Нарва шаары тууралуу сөзүнө байланыштуу 10-июнда орус элчиси Владимир Липаев Эстониянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, нота берилген. Орус элчиси менен жолуккан расмий өкүл Путиндин соңку сөздөрү өзгөчө Орусиянын Украинага басып киришинин фонунда “өкүнүчтүү” экенин белгилеген.

Москвада Петр Биринчинин 350 жылдыгына арналган мааракеде орус президенти Владимир Путин анын тарыхый милдети "бир кезде Орусияга караштуу аймактарды кайтарып, бекемдөө" экенин билдирген. Арасында Эстониянын Нарва шаарын да атап өткөн.

Эстониянын Тышкы иштер министрлиги орус тик учактарынын аба мейкиндигиндеги чек ара линияларын бузгандыгы үчүн Орусиянын элчисине дагы нота берилди. (ErN)

XS
SM
MD
LG