Бүгүн, 21-июнда "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссиянын биринчи кеңешмеси өттү. Анда стипендияны ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоо эрежелери, документтерди кабыл алуу жана кароо тартиби талкууланганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Кыргызстанда “Эл үмүтү” эл аралык стипендия программасын ачуу боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров 10-майда кол койгон.
Дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн 50 магистрант, докторантка быйылтан тарта атайын стипендия бериле баштайт. Программада берилчү акчанын көлөмү тандалып алынган университетке жараша аныкталары, анын көлөмү 50 миң доллардан ашпоого тийиш экени белгиленген.
Документке ылайык, техникалык жана инженердик багыттарга артыкчылык берилет. Ошондой эле экономика жана гуманитардык адистиктер боюнча да тапшырса болот.
Илимдин доктору даражасы наамын алууга өзүнчө он стипендия бөлүнөт.
Кыргызстанда 70тен ашуун жогорку окуу жайы бар. Мындан тышкары кыргызстандык жаштар чет өлкөлүк окуу жайларга тапшырып, бекер жана акы төлөп окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. (КЕ)
Дагы караңыз
Орусия Калининградга жүк ташуу чектелгени үчүн Литваны айыптадыТөрт айда Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 3 млрд. долларды түзгөнӨкмөт мүлктү легалдаштыруу мыйзам долбоорун сунуштадыОрусия Украинанын жанаша турган эки шаарын аткылоону улантты