Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:40

Өкмөт мүлктү легалдаштыруу мыйзам долбоорун сунуштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыкты.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бул жолу мурдагы легалдаштыруу кампанияларында кеткен каталарга жол берилбей турганын айтты.

"Кыргызстандын тарыхында үч жолу легалдаштыруу кампаниясы өткөн. Булар, 2008, 2009, 2013, 2014-жылдары. 2013-2014-жылдары гана 9840 декларация берилген. Анын ичинен 84 адам 37,4 млн. сомдук бир жолку төлөмүн төлөгөн. Бул кампанияга катышкан адамдарга кылмыш иштери козголгон".

Данияр Амангелдиев Министрлер кабинети сунушталган мыйзам долбооруна ылайык легалдаштыруу кампаниясына катышкан адамдарды куугунтукка албоого, декларацияланган мүлктүн баасынын 1% алууга кепилдик бере турганын айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мыйзам долбоору коррупционерлердин кызыкчылыгын көздөгөн документ экенин белгиледи.

“Адилет” укуктук клиникасы “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун талдоого алган. Алар дагы документте чиновниктердин мүлкү тууралуу маалыматты жашырууга аракет кылган тобокелдик бар экенин белгилешкен.

Президент Садыр Жапаров 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин Кыргызстанда бир айлык экономикалык мунапыс жарыялаган. Анда канча адам жашырган мүлкүн ачыкка чыгарганы тууралуу маалымат жок. (МТа)

XS
SM
MD
LG