Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:43

Төрт айда Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 3 млрд. долларды түзгөн


Нарын-Торугарт жолу.
Нарын-Торугарт жолу.

Быйыл январь-апрель айларында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 3 млрд. долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 43,3% өскөн. Бул маалыматты Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген форматтагы жыйынында сүйлөп жатып айтты.

Жапаров төрт айда өлкөнүн интеграциялык бирикмеге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын өсүшү 16,3%, экспорт 26,4%, ал эми импорт 13,3% өскөнүн билдирди.

Бүгүн, 21-июнда Беларустун баш калаасы Минск шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген форматтагы жыйыны өттү. Быйыл ага Кыргызстан төрагалык кылууда.

Акылбек Жапаров ЕАЭБдин экономикалык жана каржылык туруктуулугун камсыздоо үчүн биргелешкен аракеттерди консолидациялоо зарылдыгын белгилеп, ыкчам чараларды сунуштады.

"Кыска мөөнөттүү келечекте ЕАЭБ ички рыногунда социалдык маанидеги азык-түлүк товарларынын тартыштыгына байланышкан тобокелдиктерди азайтуу аракетин көрүшү керек. Кеп биринчи кезекте жеке рынокту толтуруу, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча макулдашылган саясатты ишке ашыруу жөнүндө болуп жатат", - деген Жапаров.

20-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Минскиге барган. Кеңештин эки күндүк жыйыны 21-июнда аяктайт.

ЕЭК Кеңешинин жыйынында 6 маселе каралып, 31-октябрга чейин Кыргызстанга ташылып келинген кант жана чийки кант камышынын бажы төлөмүн албоо чечими кабыл алынды.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG