Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:22

Орусия Украинанын жанаша турган эки шаарын аткылоону улантты


Украина менен Орусиянын чектешкен жеринин картасы. Северодонецк, Лисичанск жана башка шаарлардын Google Maps сервисиндеги көрүнүшү.
Украина менен Орусиянын чектешкен жеринин картасы. Северодонецк, Лисичанск жана башка шаарлардын Google Maps сервисиндеги көрүнүшү.

Орусиянын күчтөрү соңку суткада да Украинанын Северодонецк жана Лисичанск шаарларын тынымсыз аткылоону улантты. Бул тууралуу аталган шаарлар баш ийген Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай Телеграм-каналында кабарлады.

Ал орус аскерлери шаарларды дээрлик кыйратып салганын, акыркы суткада дагы чабуулун күчөткөнүн жазып, андагы сүрөт-видеолорду жарыялады.

Гайдайдын айтымында, Северодонецк шаарынын көпчүлүк бөлүгүн орус тарап ээлеп алды. “Азот” заводундагы жана анын жакасындагы украин күчтөрү гана баш ийбей турат. Бир нече аптадан бери аталган өндүрүштүк зонанын алдындагы жертөлөлөрдө жайкын тургундар да жашынып жатышат. Орус аскерлери Северодонецкини курчоого алуу үчүн Лисичанскини ээлөөгө аракет кылып, анысынан майнап чыккан жок.

Орусия Украинага басып кирердин алдында Луганск менен Донецкидеги жикчил “республикаларды” көз карандысыз өлкө деп тааныган. Орусия күчтөрү Украинадагы "блицкриг планы" ишке ашпай калган соң бул эки облустун администрациялык чек араларына чейин ээлеп алууну көздөп жатат.

Луганск облусунун мурдагы борбору Луганск шаарын 2014-жылы жикчилдер басып алгандан кийин Северодонецк шаары анын борбору болуп калган эле. Москва украин жергесине 24-февралда басып кирген, Северодонецк үчүн кармаштар май айынан башталды. (ErN)

XS
SM
MD
LG