Орусия Калининградга жүк ташуу чектелгени үчүн Литваны айыптады

Калининград облусу Литва менен Польшанын ортосунда турат жана иш жүзүндө Орусиянын негизги аймагы менен туташпаган эксклавы болуп саналат.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев Калининграддагы жыйында жүктөрдү өткөрбөй жатканы үчүн Литвага каршылык билдирип, алар дагы "жооп чараларга" кабыларын эскертти.

Патрушев тиешелүү чаралар даярдалып жатканын, ал жакын арада киргизилсе, Литванын калкына олуттуу кедергисин тийгизерин "Интерфакс" маалымат агенттигине билдирди. Катчы Литванын бийлигинин аракеттерин “Батыш өлкөлөрүнүн буйрутмасы менен жасалып жаткан камоол (блокада)” деп атады.

Бул арада Орусиянын Тышкы иштер министрлиги да Евробиримдиктин Москвадагы элчисин чакыртып, Литванын Калининград эксклавына жүктөрдү өткөрбөй жатканы үчүн нааразылыгын билдирди.

Калининград облусу Литва менен Польшанын ортосунда турат жана иш жүзүндө Орусиянын негизги аймагы менен туташпаган эксклавы болуп саналат. 20-июндан тартып Литва бул аймакка темир жол аркылуу жүк ташууга бөгөт койгон.

Литванын бийлиги өз чечимин Москванын Украинага кол салуусуна байланыштуу Европа Биримдигинин жана башка өлкөлөрдүн Орусияга каршы санкцияларын аткаруу аракети катары мүнөздөгөн. Литванын премьер-министри Ингрида Шимоните 21-июндагы билдирүүсүндө бул камоол эмес экенин айтты.

“Мен дагы бир жолу белгилеп коёюн, Калининградды эч ким камоолго алып жаткан жок. Болгону айрым товарларга карата санкциялар ушул дем алыш күндөрүнөн баштап күчүнө кирди. Өзгөчө кара металлдарды ташууга тыюу салынат. Азык-түлүк, дары-дармек жана башка гуманитардык багыттагы товарларга эч кандай чектөө жок”, - деди Ингрида Шимоните.

Орусияга карата Батыш өлкөлөрүнүн санкциялары 2014-жылы ал Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин салына баштаган. 2022-жылдын башында украин жергесине басып киргенден кийин Москвага карата санкциялар кескин көбөйгөн. (ErN)

Дагы караңыз

Төрт айда Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 3 млрд. долларды түзгөнӨкмөт мүлктү легалдаштыруу мыйзам долбоорун сунуштадыОрусия Украинанын жанаша турган эки шаарын аткылоону улантты“Талибан” Ооганстанда кармалып турган британиялык беш жаранды бошотту