Иран диниятчыларды өлтүрдү деген өзбек тектүү жаранды дарга асты

Абдолатиф Моради.

Иран апрель айында Имам Реза мавзолейинде эки шиит диниятчысын өлтүрүүгө жана дагы бир адамды жарадар кылууга шектелген 21 жаштагы өзбек тектүү Абдолатиф Морадини өлүм жазасына тартты. Ал Ирандын түндүк-чыгышындагы Мешхед шаарында Вакилабад түрмөсүндө дарга асылганын аталган аймактын башкы судьясы Голамали Садехи билдирди.

5-апрелде Мешхед шаарындагы мавзолейде диний кызматкерлер Хаятолислам Мохаммад Аслани жана Мохаммад Садех Дараейи бычакталып өлтүрүлгөн. Чабуул Рамазан айында мавзолейде зыяратчылардын жоон тобу жүргөн учурда болгон.

Ирандын ички иштер министри Ахмад Вахиди бул окуяны "террорчул чабуул" деп атап, буга такфиризмдин жактоочуларын жана сунниттердин радикалдуу топторун күнөөлөгөн.

Апрель айындагы чабуулдан эки күн мурда Ирандын түндүгүндөгү Гомбеде-Кавус шаарындагы мечитте да эки имамды атып кетишкен.

Исламдын суннит багытын кармангандар Ирандын 83 миллиондой калкынын 5-10 пайызын гана түзөт. Ирандыктардын басымдуу бөлүгү өздөрүн шиит мусулмандары деп эсептешет.

Дагы караңыз

Жыл башынан бери чет жактан 258 мигранттын сөөгү келдиАскар Акаев: Жетекчилер артта калса, калк нааразылыкка чыгат (видео)Жүздөй уюм “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча президентке кайрылдыМинскиде Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтөтБыйыл артыкчылык аттестатын алган бүтүрүүчүлөрдүн саны кыйла азКыргыз өкмөтү Баткенди өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банктан 50 млн. доллар алат