Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:16

Быйыл артыкчылык аттестатын алган бүтүрүүчүлөрдүн саны кыйла аз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл "Алтын Тамга" сынагына катышкан 2232 талапкердин ичинен 80 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алмай болду. Бул тууралуу маалымат Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына жарыяланды.

Артыкчылык аттестатын алгандардын көбү Бишкек шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү. Алардын саны - 37.

  • Баткен облусу - 3 окуучу
  • Бишкек шаары - 37 окуучу
  • Жалал-Абад облусу - 11 окуучу
  • Нарын облусу - 1 окуучу
  • Ош шаары - 3 окуучу
  • Ош облусу - 15 окуучу
  • Талас облусу - 3 окуучу
  • Чүй облусу - 1 окуучу
  • Ысык-Көл облусу - 6 окуучу

31-майда Бишкекте жана облустук билим берүү борборлорунда мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы өткөн. Министрлик быйыл өзгөчө үлгүдөгү (артыкчылык) сертификат алуу үчүн 2232 бүтүрүүчү ат салышып жатканын маалымдаган. Алардын 1388и окутуу кыргыз тилинде, 803ү орус тилинде жана 38и өзбек тилинде өтүүчү мектептердин окуучулары.

Өткөн жылы 1,4 миңдей окуучу "Алтын тамга" сынагына катышып, 511и артыкчылык аттестатын алган.

"Алтын тамга" тести 11-классты жалаң "5" деген баа менен аяктап, мыкты жыйынтык көрсөтүп келген окуучулардын билим деңгээлин баалоо үчүн уюштурулат. Жеңүүчүлөргө сыйлык жана артыкчылык күбөлүгү тапшырылат.

2019-жылы 181, 2020-жылы 234 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алган.

Быйыл Кыргызстан боюнча 68 миң окуучу мектепти аяктады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG