Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:45

Жыл башынан бери чет жактан 258 мигранттын сөөгү келди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл беш айда Кыргызстанга 258 мигранттын сөөгү алып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров билдирди.

Өткөн жылы "Жүк-200" алып келүүгө бюджеттен 45 млн. 270 миң сом жумшалган. Быйыл жыл башынан бери сөөк алып келүүгө 25 млн. сом каражат бөлүнгөн.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышы, эмгек мигранттарынын укуктары туурасында тийиштүү мекемелердин маалыматын угуп жатат.

ТИМ былтыр өлкөгө 540 сөөк алып келинип, ага бюджеттен 45 миллион сом сарпталганын кабарлаган.

Расмий маалымат боюнча азыр бир миллиондон ашык кыргызстандык Орусияда иштейт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG