Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:00

Минскиде Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтөт


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Беларус баш калаасы Минскиге учуп кетти. Кеңештин жыйыны 20-21-июнь күндөрү Минскиде Кыргызстандын төрагалыгы астында өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйынга Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн (ЕАЭБ), байкоочу мамлекеттердин өкмөт башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышат. Күн тартибинде электрондук соода, бажы кызматташтыгы маселелерин талкуулоо, мурда берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчет каралган.

Өкмөт башчылары ошондой эле товарларды идентификациялоо жолу менен маркировкалоону киргизүү, өнөр жайдын артыкчылыктуу жана жогорку технологиялуу тармактарында кызматташуу жана импортту алмаштыруу боюнча комиссия түзүү, биримдикке мүчө-мамлекеттердин керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жаатындагы биргелешкен аракеттеринин программасын талкуулайт.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG