Сот Курманбек Дыйканбаевди актаган өкүм чыгарды

Курманбек Дыйканбаев.

Президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин аракетинде кылмыштын курамы жок деген негиз менен күнөөсүз деп табылып, акталды. Тиешелүү өкүмдү Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл 24-майда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Курманбек Дыйканбаевди 2020-жылы ноябрь айында кармаган. Атайын кызмат ал ошол эле жылы октябрь айындагы парламенттик шайлоодо кайсы бир партиянын кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин кызматтан алып саларын айтып, 7 млн. сомдон ашык каражат талап кылган деп айып койгон.

2020-жылы ошол кездеги Финансы полициясынын жетекчиси Бакир Таиров Курманбек Дыйканбаев мамлекеттик ишканадан 7 млн. сом алганын айткан. 2021-жылы Дыйканбаев тергөө менен кызматташууга барып, бюджетке 7 млн. сом төгүп бергени кабарланган.

Дыйканбаев кызмат абалынан пайдаланып мыйзамсыз алган акчаны шайлоо өнөктүгүндө көп добуш алууга колдонгону айтылып, Жазык кодексинин (ред: 2017-жылдагы) “Алдамчылык” жана “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен кине тагылган.

Ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого кызматын убактылуу токтотуп, “Биримдик” партиясынын тизмеси менен 58-катарда катышкан.

Курманбек Дыйканбаев президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп 2018-2020-жылдары иштеген. Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында “Республика” фракциясынан депутат болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Меркел: Орусиянын Украинага кол салышы - олуттуу трагедияПрезидент үч мамлекеттин темир жол долбоору 2023-жылы башталарын айттыАкыйкатчы: Орусияда миңден ашык кыргызстандык абакта отуратЗулушевдин маселеси Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлдүНур-Султанда Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылгандар акцияга чыгыштыИранда поезд кырсыгы 20дай кишинин өмүрүн алды