Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:27

Меркел: Орусиянын Украинага кол салышы - олуттуу трагедия


Germany Merkel
Germany Merkel

Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркел 7-июнда кызматтан кеткени берген алгачкы интервьюсунда Украинадагы кырдаалды жайгаруу боюнча Германия менен Франциянын аракеттеринен майнап чыкпаганына өкүнөрүн, бирок бул үчүн өзүн күнөөлөбөй турганын айтты.

«"Дипломатия ишке ашпай калса, ал туура эмес жүргүзүлгөн дегенди билдирбейт. Ошондуктан мен эмнеге аны туура эмес деп айтышым керек экенин түшүнбөйм. Бул үчүн кечирим сурабайм",-деди Меркел ARD каналына чыккан маекте.

Украинанын чыгышындагы жаңжалды басууну көздөгөн, Берлин, Париж, Москва жана Киевдин башын бириктирген «Норманд төрттүгү» форматындагы сүйлөшүүлөр 2014-жылы башталган. Анын алкагында Минск келишимине кол коюлган. Аталган документке ылайык, өздөрүн «Донецк жана Луганск элдик республикалары» деп атап алган облустардагы шайлоонун жыйынтыгын эл аралык коомчулук таанууга тийиш эле. Ушундан кийин аймактардан куралдуу топтордун баары чыгарылып, Украина чыгышындагы Орусия менен чек арасын өзү толук көзөмөлдөй баштамак. Бирок ал келишим ишке ашкан эмес.

Азыркы кырдаал тууралуу айтып жатып, Меркел Орусиянын Украинага кол салышын олуттуу трагедия жана чоң ката деп мүнөздөдү. Ал 2008-жылы Киевдин НАТОго кошулушуна эмнеге каршы болгонун да түшүндүрдү.

Меркелдин айтымында, Украина ал кезде альянстын мүчөсү болууга даяр эмес болчу жана ал Орусия менен тирешүүнү болтурбоону көздөгөн.

Бул үчүн украин президенти Владимир Зеленсксий Меркелди жана ошол кездеги Франциянын лидерин Николя Саркозини апрель айында айыптаган билдирүү жасаган.

67 жаштагы Меркел Германиянын өкмөтүн 2005-2021 жылдары жетектеген.

XS
SM
MD
LG