Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:51

Нур-Султанда Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылгандар акцияга чыгышты


Kazakhstan - People demanding the release of relatives gathered near the embassy of China in Nur-Sultan amid visit of Chinese MFA, 08Jun2022
Kazakhstan - People demanding the release of relatives gathered near the embassy of China in Nur-Sultan amid visit of Chinese MFA, 08Jun2022

Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылгандар Казакстанга Кытайдын тышкы иштер министри Ван келген маалда Бээжиндин Нур-Султандагы элчилигинин имаратынын алдына чыгышты.

"2016-жылдан бери Кытайдагы туугандарыбызды бошотууну талап кылып келебиз. Бүгүнкү тышкы иштер министрлеринин маанилүү жолугушуусунда бир чечимиге келип, туугандарыбыздын кайтып келишине көмөктөшүүсүн суранабыз",-дейт жарандык активист Байболот Күнболот уулу.

Акциянын катышуучулары колдоруна Шинжаңдагы камалып жаткан туугандарынын сүрөттөрүн жана аларды бошотууну талап кылган казак, кытай, англис тилиндеги жазуулары бар кагаздарды көтөрүп турушту. Элчиликтен аларга эч ким чыккан жок.

7-июнда Кытай тышкы иштер министри менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жолуккан.

Мындай акциялар Кытайдын консулдугунун алдында көп жылдардан бери өтүп келет. Демонстранттар казак бийлигинен Шинжаңдагы этникалык казактарды коргоо үчүн чечкиндүү чараларга барууну талап кылышууда. Анткен менен расмий Нур-Султан ири инвестициялык өнөктөшү саналган Кытайга үн катпай келет.

Мамлекеттик департаменттин маалыматына ылайык, Кытайдын Шиңжан-Уйгур автоном районунда эки миллиондой уйгур, казак жана кыргыздар сыяктуу жергиликтүү мусулман жамааттарынын өкүлдөрү кайра тарбиялоочу лагерлерге негизсиз камалганы кабарланып келет.

АКШ жана айрым Батыш өлкөлөрү Бээжиндин Шинжаңдагы мусулман жамааттарына жасаган мамилесин геноцидге жана адамзатка каршы кылмышка теңеген.

Бээжин бул жайларды "кесипке үйрөтүүчү борборлор" деп мүнөздөп, Шинжаңдагы айрым чектөөлөрдү "терроризм жана экстремизмге" каршы күрөш катары сыпаттайт жана Батыш өлкөлөрүн Кытайдын ички ишине кийлигишти деп сындап келет.

XS
SM
MD
LG