Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:15

Иранда поезд кырсыгы 20дай кишинин өмүрүн алды


Ирандагы темир жол кырсыгы. 8-июнь, 2022-жыл.
Ирандагы темир жол кырсыгы. 8-июнь, 2022-жыл.

Ирандын Табас шаарына жакын жерде болгон поезд кырсыгынан кеминде 17 киши мерт кетти, ондогон адам жараат алды. "Тез жардам" кызматынын өкүлү Можтаба Халеди билдиргендей, кырктай киши ооруканага жеткирилди.

Алдын ала маалыматка ылайык, поезд Мешхед калаасынан Жасд шаарына баратканда экскаватор менен кагылышкан. Натыйжада, 11 вагондун беши жолдон чыгып кеткен. Маалыматка ылайык, поездде ошол маалда жалпысынан 348 жүргүнчү бар болчу.

Иран маалымат каражаттары авариянын себептерин иликтөө башталганын жазды.

Иранда эң ири темир жол кырсыгы 2004-жылы катталган. Анда бензин жана химиялык заттар жүктөлгөн поезд Нейшабур тарыхый шаарынын жанынан кырсыктап, 320 кишинин өмүрү кыйылган. Беш айыл жабыркап, жүздөгөн адамдар жараат алган.

Иранда жалпы узундугу 14 миң чакырымга жеткен темир жолдор системасы эскирип калган.

XS
SM
MD
LG