Депутат Султанбекова педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова 8-июнда парламентте акыйкатчынын отчету каралып жаткан учурда өспүрүмдөрдү эрте турмушка берүү маселесин көтөрдү. Ал жакында эле Алматы шаарында жыйынга катышканын, ал жакта Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдардын укугу боюнча өкүлү Кыргызстанда акыркы кездери эрте турмушка чыгуу жана өспүрүм кыздарды ала качуу көбөйгөнүн айтканын белгиледи.

“Педофилдерге карата өлүм жазасын киргизүүгө убакыт келип жетти деп ойлойм. Мындан ары башка рычактар жок калды. Андыктан ушундай ыкмаларды колдонуу керек. Бул сизге маалымат катары, сиз да мындан ары педофилдерге карата кандай чара көрүү керектигин ойлонуңуз”, - деп Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго кайрылды.

Дагы караңыз Таласта секелектерге тийишкен шектүү камалды

Азыр иштеп жаткан мыйзамдар боюнча өспүрүмдү сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлагандар 11 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Кыргызстанда өлүм жазасына мораторий киргизилген. Жазанын эң оор түрү - өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу каралган. Өлүм жазасын киргизүү маал-маалы менен көтөрүлүп келет. (RUs)

Дагы караңыз

Сот Курманбек Дыйканбаевди актаган өкүм чыгардыАраванда бала бакча курууда казынага 3 млн. сом зыян келтирилгени кабарландыМеркел: Орусиянын Украинага кол салышы - олуттуу трагедияПрезидент үч мамлекеттин темир жол долбоору 2023-жылы башталарын айтты