Таласта секелек кыздарга сексуалдык ыдык көрсөткөн деп шек саналган жаран эки айга тергөө абагына камалды.
5-сентябрда Талас шаарынын төрт тургуну 6-7 жаштагы кыздарына сексуалдык ыдык көрсөткөн деп, кошуна жашаган 24 жаштагы А. Т. аттуу жарандын үстүнөн милицияга кайрылган.
Ошондон кийин Талас облустук ички иштер башкармалыгы арыздын негизинде Жазык кодексинин 165-беренеси (“Ыплас аракеттер”) менен сотко чейинки териштирүү ишин баштаганын кабарлады.
Ыдык көргөн кыздардын жакындарынын айтымында, ыплас аракеттерге барган жигит кыздарды чакырып келүүгө тестиер балдарды жумшап турган.
"Ал (шектүү-ред.) мага "чакырып кел" деди. Чакырып бердим. "Эшикте күтүп тур" деди. Күтүп турсам кыз ыйлап чыкты. Эмне болду десем ал (шектүү-ред.) "колун мышык тытып алды" деди. Мен андай кыларын билген эмесмин", - деди тестиер бала.
Талас шаарынын тургуну Сабира Кыдыралиева кызынын ыдык көргөнүн кокусунан байкап калганын айтып берди.
"Улам бир кыздан киргизип, 15-20 минутада кайра чыгарып жатканын көрүп калдым. "Эмнеге мындай кылып атасыңар" деп сурадым басып барып. Кыздарды алдап сурасам, бирөөсү "Шымымды чечип, жерге жаткырды. Мен качып кеттим" деп айтып берди. Бир канча күндөн бери эле биздин кыздарга ушундай аракеттерди жасап, кумарын кандырып жүргөн экен".
Кыздардын ата-энелери бул окуяны уккандан кийин милицияга арыз жазган. Бирок тартип сакчылары түшүнүк кат алгандан кийин шектүүнү ошол күнү эле камабай коё бергенине нааразы болушууда.
"Азаттык" окуя тууралуу экинчи тарапты да табууга аракет кылды. Бирок шектүүнүн жакындары, адвокаты менен байланыша алган жокпуз.
Укук коргоочу, акыйкатчынын Таластагы мурдагы өкүлү Арсыкан Момунтаева чакан шаарларда окуу-тарбия иштеринин аксаганы, коррупциянын кесепети ушундай кылмыштарга жол ачып жатат деп эсептейт.
"Шаар деген капкактуу идиш да. Чакан болсо да ичинде турмуш кайнап, эмне иштер болуп жатканын эч ким билбейт. Ички миграция күч. Айылдан көчүп келгендер көп. Коңшулар батирде туруп, бири-бирин жакшы тааныбайт. Акыркы окуя мага абдан катуу тийди. Чакан шаарларда социалдык кызматкерлер, мэрияда иштегендер, ар кандай уюмдар биригип тарбиялык иштерди жүргүзсө болмок. Таласта диний агымдар деле көп. Бирок сыйынуучу жайлардан "зомбулук жаман, балдарга кол салбагыла" деп насаат айтканын уга элекмин. Азыр мыйзамдар да өзгөрүп кеткен. Милицияга барсаң "тигил жакка, бул жакка кайрыл" деп кутулат. Көп иштер жабылуу бойдон калат. Буга чейин Таласта Арабекова деген келин зордукталган. Анын иши ушу кезге чейин бүтө элек".
"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова сексуалдык мүнөздөгү ыдык жаш аң-сезимге катуу сокку болорун, жабыркаган кыздар менен балдар психологу иштеши керектигин эскертти.
"Бул кыздар менен эми психолог иштеши керек. Болбосо алардын жан дүйнөсүндөгү кара так болуп кетпей калат. Кийин эркектерге ишенбей, жек көрүү сезими пайда болушу мүмкүн. Шектүү күнөөсү далилденсе, сөзсүз жазасын алышы керек. Антпесе мындай ыплас иштер коомдо көнүмүшкө айланат. Азыр балдардан кары-картаңдарга чейин зордукталып атат. Бирок иш сотко жетпей бүтүп же жылдар бою созулуп кетүүдө. Шектүүнүн адвокаты күчтүү болсо жазадан оңой эле кутулуп жатат".
Айрым адистер балдарга карата сексуалдык кылмыштардын байма-бай болуп жатышы жыныстык таалим-тарбиянын жоктугунан көрүшөт.
Балдардын укугун коргогон Назгүл Турдубекова балдарга өз денесин жана укугун коргоону ачык айтып, үйрөтүүгө мезгил жетти деген пикирде.
"Угуп атсаңар керек. Автобустарда тестиер кыздарга, балдарга тийишкен учурлар көп катталууда. Биз жакында эле ЮНИСЕФтин жардамы менен атайын колдонмо иштеп чыктык. Анда балдарга денесин, укугун, жыныстык зомбулуктан өзүн кантип коргош керек экенин үйрөткөн кеп-кеңештер камтылат. Биз билбейбиз да, балким балдарга ыдык көрсөткөн адам ВИЧ же башка ооруларды алып жүрөт. Андыктан балдарга өзүн коргоону үйрөтүү учур талабы".
Кыргызстанда соңку жылдары жашы жете элек тестиерлерге сексуалдык ыдык көрсөтүп же зордуктаган окуялар тууралуу маалыматтар көп жарыяланууда.
2021-жылы январь айында ошол кездеги вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева жашы жете электерге ыдык көрсөткөндөрдүн, зордуктагандардын тек-жайы, сүрөтү топтолгон маалымат базасын түзүүнү сунуш кылган. Ал педофилдер жөнүндө маалыматтарды ачык жарыялаган тажрыйба Казакстанда бар экенин мисал келтирген.
Бул сунуш коомчулукта чоң талкууга жем таштаган. Министрдин сунушун колдогондор да, тизменин так жана туура түзүлүшүнөн кооптонгондор да болгон. Тизмени түзөрдөн мурда соттордун да жоопкерчилигин күчөтүш керек деген пикирлер айтылган.
БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жасаган иликтөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык, 2020-жылы тогуз айда "Зордуктоо" беренеси боюнча 269 иш сотко чейинки териштирүүгө алынса, 200ү сотко жетпей токтотулган, 17 иш гана сотко жеткен. 54 иш "Жашы жете электерге жыныстык ыдык көрсөтүү" беренеси менен катталган.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча мурдагы жылдары жашы жете электерге карата 1101 кылмыш иши катталган, анын 150дөн ашууну жыныстык мүнөздө болгон.
Жашы жете электерге жыныстык зомбулук үчүн шектүү катары 57 жаран кармалган. Алардын канчасы сот жоопкерчилигине тартылганы тууралуу маалыматтар жок.
Жазык кодексинин 165-беренесине ылайык, он алты жашка жете элек балага карата сексуалдык байланышсыз ыплас аракеттер жасалса, шектүү 5 - 7,5 жылга эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн экени жазылган.