Баткенде мэрдин айдоочусу сүзүп кеткен бала эсине келе элек

Баткен шаары.

Баткен шаарынын мэри Имамназар Буркановдун айдоочусу Абдулазиз Бурканов мэрдин кызматтык автоунаасы менен сүзүп кеткен 13 жаштагы бала эсине келе электигин анын атасы билдирди. Анын айтымында, уулу 10 күндөн бери реанимацияда жатат.

Кырсыкка кабылган Абдурахим Курбанбековдун баш сөөгү сынып кеткен жана ошол эле күнү операция жасалган. Ал Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектептин 6-классынын окуучусу. Окуя Баткен шаарындагы Ленин мектебинин жанында, 2-апрелде тестиер футболдон чыккан учурда болгон.

Баткен шаарынын мэриясына таандык кызматтык машинени Баткендин мэри Имамназар Буркановдун айдоочусу Абдулазиз Бурканов айдап бараткан. Алардын аталары бир тууган.

Облустук ички иштер башкармалыгы автоунаа айып жайга токтотулуп, экспертиза дайындалганын кабарлаган. Кырсыктан жабыркаган баланын атасы милицияга арыз жазуудан баш тарткан.

Имамназар Бурканов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, президент Садыр Жапаровдун бейрасмий кеңешчиси экени айтылган Арзыбек Буркановдун бир тууган иниси. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргыз-тажик делегациясы чек арага кошумча күч тартпоону макулдашты “МедиаХаб” уюму энергетикадагы коррупция боюнча иликтөө жарыяладыЖК: "баарына каршы" добуш берүүгө үгүттөө каралган долбоор талкууланды 13-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалыматКазакстан: каржы пирамидасына алданган аял өзүн өрттөдүМилиция Next TVнын кызматкери суракка алынганын ырастадыРим папасы Франциск сентбярда Казакстанга барат