Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:19

ЖК: "баарына каршы" добуш берүүгө үгүттөө каралган долбоор талкууланды


Биринчи май жана Свердлов округдарында "баарына каршы" добуш бергендер көп болуп, ушул жылдын 27-февралында кайра шайлоо өткөн.
Биринчи май жана Свердлов округдарында "баарына каршы" добуш бергендер көп болуп, ушул жылдын 27-февралында кайра шайлоо өткөн.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети 12-апрелде "Президентти жана Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун биринчи окууда карады. Анда шайлоодо жарандарды баарына каршы добуш берүү үчүн үгүт жүргүзүү каралган жобо талкуу жаратты.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков муну шайлоочулардын укугу менен негиздеди.

"Өзүңүздөр күбө болгондой, Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында "баарына каршы" добуш бергендер жеңип чыкты. Бул жерде жарандар кайрылып жатат. Алар эмне үчүн шайлоочулар "баарына каршы" добуш берүү үчүн партиянын талапкерлери менен макулдашып, ошол партиялардын фонду аркылуу жүргүзүү керек деп жатышат. Бул укуктарды чектөөгө алып келип жатат. Алар БШКга кайрылып, каржылык фондду түзүп шайлоодо мыйзамдын чегинде үгүт өнөктүгүн жүргүзөт. Мыйзамда үгүт учурунда адамдардын кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат деп жазылып турат. Өздөрүнүн программасынын алкагында, мыйзамжын чегинде үгүт жүргүзөт".

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Гуля Кожокулова "баарына каршы" добуш берүү үчүн атайын үгүт жүргүзүүгө каршы чыкты. Ал эгер мындай жобо кирсе каралоо башталарын, кайсы бир талапкерге каршы өнөктүккө айланып кетиши ыктымалдыгын, жаңжалдар чыгышы мүмкүндүгүн эскертти.

Соңку парламенттик шайлоодо Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында "баарына каршы" добуш бергендер көп болуп, ушул жылдын 27-февралында кайра шайлоо өткөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG