Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:34

Кыргыз-тажик делегациясы чек арага кошумча күч тартпоону макулдашты


Эки тараптын жолугушуусу. 12-апрель, 2022-жыл
Эки тараптын жолугушуусу. 12-апрель, 2022-жыл

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарына кошумча куралдуу күчтөрдү тартпоо боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Баткен облустук бийлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 12-апрелде президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси Ражаббой Ахмадзода баштаган эки тараптуу делегациянын жолугушуусу өттү.

Анда кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактарды алдын алуу, чектеш аймактарда орун алган окуялар жана аларды чечүү жолдору талкууланган.

Чектеш айылдардын сугат суу, жазгы талаа жана чарбачылык маселелери боюнча атайын комиссиянын ишин 13-апрелден баштап Лейлек районунун аймагында улантуу макулдашылды.

Ички коомдук коопсуздукту сактоо жана тартипти камсыздоо, калк арасында түшүндүрүу чараларын күчөтүү, чыңалуунун алдын алуу үчүн эки тараптын биргелешип кызматташуусун улантуу маселеси талкууланды.

5-апрелде Максат айылынын тургуну Дастан Марипов тамаркасын айдап, эгин себүүгө аракет кылган учурда кошуна Тажикстандын жарандары менен чек арачылары жолтоо болду деп даттанган. 9-апрелде Бешкент айылынын тургундары жер айдап жаткан учурда тажикстандык жарандар менен чек арачылар келип, ызы-чуу салып, ишти токтотууну талап кылып жаткан видео тараган. Облустук бийлик жакын арада райондук деңгээлде эки тараптуу жолугушуу өтүп, маселе чечиле турганын кабарлаган.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Өткөн жылдын май айынан бери чек ара тактоо боюнча эки тараптуу комиссия 81 чакырым боюнча орток пикирге келгени айтылган. Калган бөлүгү негизинен калктуу конуштарга келип такалган.

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында ок атышууга чейин жетип, адам өмүрүн алган чыр-чатактар байма-бай катталып турат.

Тараптар мындай чатактар үчүн бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү таратып келишет. (JsA)

XS
SM
MD
LG