Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:48

Рим папасы Франциск сентбярда Казакстанга барат


Рим папасы Франциск.
Рим папасы Франциск.

Рим папасы Франциск сентябрда Казакстанга барат. Бул тууралуу Ак ордо жана Ватикан 11-апрелде билдиришти.

Казак президентинин кеңсеси билдиргендей, Рим папасы Казакстанга расмий сапар менен барарын жана 14-15-сентябрда өтө турган Дүйнөлүк жана салттуу диндердин VII конгрессине катышарын ырастаган.

Аталган конгресс диндер аралык байланышты кеңейтүүгө багытталган. Биринчи мындай жыйын 2003-жылы болгон.

85 жаштагы Франциск 2013-жылы шайлангандан бери Борбор Азияга бара элек болчу.

Ал Орусиянын Украинага кол салышын бир нече жолу айыптап, согушка каршылыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG