Бакыт Төрөбаев өкмөт башчынын орун басары кызматына дайындалды

Бакыт Төрөбаев.

Президент Садыр Жапаров 30-мартта Бакыт Төрөбаевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кылып дайындады. Мунун алдында Жогорку Кеңеш бул дайындоого макулдук берген эле.

Ушул кезге чейин Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт - Кыргызстан” фракциясынын төрагасы болуп турган Бакыт Төрөбаев 49 жашта. Ал “Ак жол”, “Республика” жана “Өнүгүү-Прогресс” партияларынын тизмеси менен дагы шайлоолорго катышып, жалпысынан Жогорку Кеңештин төрт чакырылышынын депутаты болгон.

Бакыт Төрөбаев 2009-жылы өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган.

Дагы караңыз

"Мыйзамсыз камалганым үчүн сотко кайрылам"Украина: Москванын убадасы, токтобогон чабуул "Элдик курултай" мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду Түркияда баш калка издеген качкындарОңой оокатка азгырык: маңзат соодасына айыпталган мигранттар