Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:33

Түркияда баш калка издеген качкындар


Орусия Украинага согуш ачкандан бери 3 миллиондон ашуун украин жараны чет өлкөгө качууга аргасыз болду. Орусиядан чукул чыгып жаткандардын саны да аз эмес. Айрымдары Түркияны көздөй агылып, бул өлкөдө батир сатып алууга же ижарага алып жашоого кызыкдар.

Элай Темиров Анталияда чет өлкөлүктөргө турак жай таап берген чоң риелтордук фирмада иштейт.

Ал үй ээлери келгиндердин агымынан пайдаланып, бааны көтөрүп жатканына токтолду.

"Учурда Анталияда жөнөкөй батирди ижарага алам деген киши кеминде 8-10 миң лира, башкача айтканда 550 доллар акы төлөйт. Украинадагы согуштун айынан качкындардын агымы көбөйүп жатканына байланыштуу үй ээлери батир баасын көтөрүп жиберди. Буга чейин баалар ийкемдүү болчу. Азырынча ушул баада кардарларга батир таап берип жатабыз, бирок дагы кымбаттайт деген сөздөр болууда".

Анталия шаары.
Анталия шаары.

Элай Темиров батир баасы Анталияга эс алууга келген айрым чет өлкөлүктөргө ыңгайлуу болгону менен Украинадагы согуштан качкан үй-бүлөлөрдүн чөнтөгүнө туура келбей кыйналып жатканын кошумчалады.

"Бул баа украиналыктар үчүн өтө кымбат. Алар кеминде 250 доллардын тегерегинде батир издеп жатат. Учурда андай баада ижарага берилген үйдү табуу кыйын. Чөнтөгү жука украиналыктар үй таба албай кыйналууда. Анталияга орусиялыктар да келип жатат. Алар батир алууда анча кыйналган жок. Анткени орточо айлык акысы Анталияда батирди ижарага алууга мүмкүндүк берет".

Анталия шаары.
Анталия шаары.

Ал арада Түркиянын Статистика комитети февраль айында Анталия аймагында 4727 турак үй сатылганын билдирди. Алардын төрттөн бирин орусиялык жана украин жарандары алганы белгилүү болду.

Анталия шаарында риелтордук кызмат көрсөткөн Халит Мерт кыймылсыз мүлктүн кымбаттаганын суроо-талапка байланыштырып, ошол эле маалда жергиликтүүлөр өздөрү үй-жай сатып алууга чама-чаркы келбей баратканын "Азаттыкка" чечмеледи.

"Согуштан качып келгендердин айынан баа өстү деген туура. Ижара акылары 4-5 эсе кымбаттады. Учурда Анталияда эки бөлмөлүү батирлерди 20 миң лира, доллар менен 1300гө ижарага бергендер бар. Бул баа чет өлкөдөн келгендер үчүн арзан болушу мүмкүн бирок менин жергиликтүү кардарларымдын чөнтөгүнө чак келбей жатат. Анталиядагы үйлөрдүн асман чапчыган баасын ооздуктоо мүмкүн эместей көрүнүп турат", - деди Халит Мерт.

Ал өзгөчө Анталия аймагында жаңы тургузулуп жаткан турак жайлар курулуш материалдары кескин кымбаттап кеткендиктен токтоп калганын, бул жагдай дагы сатыкка коюлган үй-жайдын баасына таасир этип жатканын түшүндүрдү.

15 миллион калкы бар Стамбулда орточо эсеп менен айына 400 батир чет өлкөлүктөргө сатылат. Бул шаарда жеке риелтор болуп иштеген кыргызстандык Венера Алишова турак жайга баа Украинадагы согуш баштала электе эле өскөнүн айтты.

"Пандемияда турак үйлөрдүн соодасы токтоп, баа кыйла арзандап кеткен. Былтыр августтан тарта туристтердин агымы байкалып, батир баасы акырындап көтөрүлө баштады. Ошондон бери түшө элек. Анын үстүнө лиранын куну түшүп, доллар өстү. Стамбулда батир издеген чет элдиктердин саны аз. Мени менен ушул айда эки орусиялык кардар байланышты. Алардын үй сатып алып, жарандык алсакпы деген ою бар экен. Бирок негизинен учурда Түркиянын Анталия аймагында кыймылсыз мүлккө талап көбөйгөнүн көрүп жатабыз. Ал жерде 100 кардардын 20сы чет элдиктер экен", - деди Венера.

Эске сала кетсек, Түркияда 2018-жылы кабыл алынган жаңы мыйзамга ылайык, 250 миң долларга кыймылсыз мүлк сатып алган чет өлкөлүк жаран түрк жарандыгын алууга мүмкүнчүлүк алат. Мындан арзаныраак акчага батир алгандар туруктуу жашоого уруксат визасын алууга укуктуу.

Түркиянын Статистика комитетинин февраль айында чыгарган маалыматына ылайык, Украинадан Түркияга 42 миңден ашык, Орусиядан 112 миңден ашык киши келген. Серепчилер март айында бул сан эки эсе көбөйгөнүн айтышууда.

Ай башында өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлу 20 миңден ашуун украин жаранына качкын макамы берилгенин билдирген.

Түркияга бул эки өлкөдөн тең жыл сайын миллиндогон туристтер келип эс алат. Серепчилер бул жылы Түркияга келгендердин дээрлик көпчүлүгү туруктуу баш калка издеп келип жатканын белгилешет.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG