Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:41

Украина: Москванын убадасы, токтобогон чабуул


Москва Киевдин айланасында чабуулдарын басаңдатууну убада кылганына карабай, орус армиясы украин башкалаасынын жака белине сокку урууну улантууда. Батыш мамлекеттери Москванын соңку чечиминен күмөн санап, Орусиянын сөзүнө эмес, кылган ишине карап гана баа берилерин билдирди. АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланд орус армиясы Украинада чоң жоготууга учураганын айтты.

Орусия Украинага басып киргени чоң жоготууларга учурап жатканын Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчсынын орун басары Виктория Нуланд 29-мартта билдирди. «Настоящее время» каналына курган маегинде ал орус армиясы 10 миңдей аскеринен айрылганын айтты.

«Тилекке каршы орустар украин армиясынын күчүн ушул күнгө чейин сезе алган жок деген ойдомун. Орусия тарап болуп көрбөгөндөй жоготууларга учурап жатат. Биздин баамыбызда 10 миңден ашуун аскери мерт болду»,-деди Нуланд.

Орусия өз жоготуулары тууралуу эки гана жолу расмий маалымат берген. Москванын көрсөткүчү Батыш менен Украина көрсөткөн сандардан кыйла аз болгон.

2-мартта Орусиянын Коргоо министрлиги 498 аскери курман болгонун билдирсе, үч аптадан кийин алардын саны 1351ге жогорулаганын маалымдаган. Ал эми украин бийлиги 17 миңдей орус аскери мерт болгонун кабарлап келет. Азырынча бул сандарды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланд. 29-март, 2022-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланд. 29-март, 2022-жыл.

Нуланд 29-мартта Стамбулда өткөн Орусия менен Украинанын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүнү кубаттарын, бирок ок атышуу токтомоюнча кандайдыр бир жыйынтык чыгаруу эрте экенин кошумчалады.

Нуланд Москванын өз аскердик аракеттерин басаңдатуу боюнча чечими «Киев жана анын айланасында, Чернигов шаарында украиналыктар көрсөткөн каршылыкка түздөн-түз байланыштуу» деп эсептейт.

"Бул жөн гана орус күчтөрүн башка жакка көчүрүү гана экенин жана алар Украинанын башка аймактарына кайтарын билебиз. Алар Мариупол, Херсон жана башка аймактарды аткылоону улантып жатышат",-деди Мамлекеттик департаменттин өкүлү.


Нуланд ошондой эле эгер Орусия Украинага кол салуусун токтотпосо, дагы санкцияларга кабыларын эскертти.

"Москва чабуулун улантууда"

29-мартта Стамбулда өткөн украин-орус сүйлөшүүсүндө Москва Киевдин айланасындагы аскердик аракеттерин басаңдатарын билдирген.

Байкоочулардын пикиринде, баш калаанын тегерегиндеги украин аскерлеринин жеңиши баскынчыга психологиялык жактан сокку ургандыктан, Москва чегинүүгө аргасыз болду.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 29-марттын кечиндеги видео кайрылуусунда Киев Москва менен сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин, бирок Украинанын суверендүүлүгү жана аймактык бүтүндүгүнө байланыштуу эч кандай мунасага барбай турганын айтты.

Ошондой эле Зеленский украиндер баёо эмес экенин, алар конкреттүү жыйынтыкка гана ишенерин белгиледи.

"Биз сергектикти жоготпошубуз керек. Абал жеңилдеп кеткен жок. Кыйынчылыктын деңгээли төмөндөгөн жок. Орус армиясынын биздин мамлекетке чабуулун улантуу үчүн дагы деле чоң потенциалы бар", - деди украин президенти.

Айткандай эле, Украинанын түндүгүндөгү Чернигов облусунун губернатору Вячеслав Чаус 30-мартта Орусиянын армиясы өлкө түндүгүндө жана баш калаа Киевдин айланасында чабуулдарын азайтууну убада кылганына карабастан сокку урууну улантып жатканын жарыялады.

"Кечээ орусиялыктар Чернигов жана Киев багыттарындагы чабуулдарын басаңдатарын жарыялашкан. Биз буга ишенебизби? Албетте, жок. Каршы тарап Чернигов аймагында "ишмердигин басаңдатканын" Нежин шаарына абадан сокку уруу менен көрсөттү. Түнү бою Чернигов шаарына сокку уруп жатты", - деди Чаус.

Песков: Стамбулда жылыш болгон жок

Ал эми Москва Стамбулдагы сүйлөшүүдө олуттуу жылыш болгон жок деп эсептейт. Бул тууралуу Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков 30-мартта журналисттерге билдирди.

«Андан башка көптү убада кылган олуттуу жылыш болду деп айта албайбыз. Дагы көп жумуш жасалышы керек”, - деди Песков.

29-мартта өткөн сүйлөшүүдө Киев бир нече өлкө Украинанын коопсуздугуна кепилдик берсе жана Москва Украинанын Евробиримдикке кошулуусуна тоскоолдук жаратпаса эч кандай аскердик биримдикке кошулбоого жана өз аймагында чет элдик аскерлерди жайгаштырбоого макул экенин белгилеген.

Ошондой эле Украина Москва 2014-жылы аннексиялаган Крым жарым аралынын макамын аныктоо үчүн 15 жылдык консультациялык мөөнөттү да сунуш кылган. Ал эми өздөрүн "Донецк элдик республикасы" жана "Луганск элдик республикасы" деп атап алган жикчил аймактардын макамы Зеленский менен Путин бетме-бет жолукканда талкууланары айтылды.

Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков. 2-сентябрь, 2021-жыл.
Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков. 2-сентябрь, 2021-жыл.

Британия менен Кошмо Штаттардын жетекчилиги да Москванын соңку чечиминен күмөн санап, Орусиянын сөзүнө эмес, ишине карап гана баа берилерин билдирди. Британ чалгын кызматы Украинадагы согушта олуттуу жоготууга учураган орус армиясы өз түзүмүн кайра карап чыгууга, курал-жарак менен өзүн жабдуу үчүн Орусияга жана коңшу Беларуска кайтууга аргасыз болгонун билдирди.

Ал арада орус армиясы Мариупол шаарын аткылоону улантып жатат. Согушка чейин 400 миңдей адам жашаган Азов деңизиндеги стратегиялык порт курчоодо калды, жергиликтүү бийлик беш миңдей киши набыт болгонун билдирди.

XS
SM
MD
LG