Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн чечимин мыйзамдуу деп тапты.
Ошондой эле Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды.
Мындай иш-чараларды Бишкектин Максим Горький атындагы скверде уюштурса болот.
Орусия 24-февралда Украинада согуш баштагандан кийин Орусиянын Кыргыстандагы элчилигинин алдында орус бийлигин сындап, Украинаны колдогон бир нече акция өткөн. Тескерисинче, Орусияны колдогон да пикет болгон. (BTo)
Дагы караңыз
Бейшеналиев дарыгер Абдрамановду кызматтан бошотконун билдирдиМинистр Казакбаев ЕБдин жогорку комиссары менен Украинадагы кырдаалды талкууладыКиевде көп кабаттуу үйгө снаряд түштүКадыров Украинадагы согушта жүргөнүн айтты Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайтКазакстан Украинага алгачкы расмий гумжардамын жөнөттүЖМК: Орусия Кытайдан аскердик жардам сураган