Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:33

Кадыров Украинадагы согушта жүргөнүн айтты


Рамзан Кадыров. Чеченстан Республикасынын башчысы.
Рамзан Кадыров. Чеченстан Республикасынын башчысы.

Чечен Республикасынын башчысы Разман Кадыров Телеграм-каналына Украинадагы согуш жүрүп жаткан аймакка келип, Киевге жакын жерде экенин жазып чыкты.

"Киевдин бир тарабынан биз кирип баратабыз, экинчи жагынан менин урматтуу агам Адам Делимханов баштаган эки жолку аскердик өнөктүктү басып өткөн тажрыйбалуу жоокерлер күжүрмөн жөндөмүн жана духун кайра-кайра көрсөтүп келе жатышат", - деп жазды Кадыров.

Анын Украинада жүргөнү тууралуу бир күн мурда тараган тасма Гостомелде тартылган.

"Видеодо биз Гостомелде турабыз. Өткөндө биз силерден 20 чакырымдай гана алыс болчубуз", - деп жазды Рамзан Кадыров.

Кадыров Украинанын президентинин кеңешчиси Алексей Арестовичтин "Эгерде Кадыров чындап эле Киевдин жанында болсо, Украинанын Куралдуу күчтөрү аны жок кылат" деген сөзүнө да жооп берди.

"Эмне үчүн "эгерде"? Атышууларды көргөн жоксуңбу же эшигиңди каккылашым керекпи?", - деп жазды Чечен Республикасынын башчысы.

Бир күн мурун Чечен Республикасынын расмий телеканалы Телеграмда "Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров Украинадагы атайын аскердик операцияга катышып жаткан согушкерлер менен бирге" деген жазуусу бар караңгы кадрларды тараткан.

Бирок көз карандысыз булактар Рамзан Кадыровдун Украинанын аймагындагы согушка катышып жатканын тастыктай элек.

XS
SM
MD
LG