Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:30

Казакстан Украинага алгачкы расмий гумжардамын жөнөттү


Алматы аэропортундагы учакка Украинага дары-дармектер жүктөлгөн гуманитардык жардам жүктөлүп жатат. 14-март, 2022-жыл.
Алматы аэропортундагы учакка Украинага дары-дармектер жүктөлгөн гуманитардык жардам жүктөлүп жатат. 14-март, 2022-жыл.

Казакстан Украинага гуманитардык жардам катары 28 тонна дары-дармек жөнөттү. Бул Украинага Казакстандын өкмөтү расмий түрдө жиберген биринчи гуманитардык жардам.

Буга чейин Казакстандагы коомдук уюмдар, ыктыярчылар жана жеке демилгелүү жарандар украин элчилиги аркылуу Киевге гуманитардык жардам жибере баштаган.

Алматы эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдиргендей, гуманитардык жардам жүктөлгөн учак 14-март күнү эртең менен Украинага учуп кетти.

Гуманитардык жардамдын жалпы салмагы 28,2 тоннаны түзөт.

Ага дары-дармектердин ар кандай түрү: антибиотиктер, сезгенүүгө, жөтөлгө жана кан басымдын жогорулашына каршы дарылар бар.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, 15-мартта Алматы аэропортунан Украинага гуманитардык жардам жүктөлгөн жүктүн экинчи каттамы пландалууда. Нур-Султан бул Киевдин расмий кайрылуусуна жооп экенин билдирди.

"Украинанын аймагына жүктөрдү коопсуз жеткирүү үчүн Казакстандын өкмөтү Украинага эл аралык гуманитардык жардамдарды кабыл алып, таратуу үчүн хаб жайгашкан коңшу мамлекеттер менен макулдашылды", - деп айтылат Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Казакстандын гуманитардык жүктөрү Украинага Польшанын Катовице шаары аркылуу жеткирүү сүйлөшүлгөнү кабарланды.

Гуманитардык жүктү алып барган учак менен Украинанын шаарларынан эвакуацияланган казакстандыктар мекенине кайтып келери айтылды.

Өткөн аптада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Казакстан Украинага дары-дармек жана башка гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.

Кошумчалай кетсек, марттын башынан тарта казакстандыктар Орусиянын аскердик кол салуусуна дуушар болгон Украинага гуманитардык жардам чогулта баштаган. Ыктыярчылар Казакстандын борборундагы Украина элчилигине дары-дармек, гигиеналык каражаттарды жана акчалай жардам беришкен.

Украин дипломаттары жүктү Польша аркылуу жеткирүүнү уюштуруп жатканын билдиришти.

Өткөн 11-мартта казакстандыктар украин элине чогулткан 40 тонна жүк менен эки жүк ташуучу автоунаа Украинага жөнөп кеткен.

Украинанын Казакстандагы элчиси Петр Врублевскийдин айтымында, жүк ташуучу автоунаалар жолдо 10 күн болот. Элчи ал эми Украинага аба аркылуу 25 тоннага жакын жүк жөнөтүлгөнүн билдирди.

XS
SM
MD
LG