Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:43

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт


Бишкектеги жаңы конуштардын бири.
Бишкектеги жаңы конуштардын бири.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 14-15-март күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 4…9;

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 3…8;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 5…10, күндүз 6…11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 5…10;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8;

Бийик тоолордо түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5 градус.

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2…4, күндүзгү жогорку температурасы 7…9 градус болот.

XS
SM
MD
LG