“Кызыл зонада” кырдаал оор

"Кызыл зона".

Кыргызстанда 27-июнга карата дагы миңге жакын кишиден коронавирус аныкталды. Бул былтыркы жылдын июль айынан берки эң жогорку көрсөткүч. Дарыгерлер эпидемиологиялык кырдаал курч экенин эскертүүдө. Вируска чалдыккандардын саны күндөн-күнгө көбөйүп баратат. Мындай көрүнүш коомчулукту тынчсыздандырып, былтыркы жылдын июль айындагы сценарий кайталанышы мүмкүн деген чочулоолорду күчөттү.

“Кызыл зонада” орун эки жол менен азаят”

Бишкек шаарынын тургуну Солтобек Эркин коронавирус жугузуп алып, борбордогу №1 шаардык клиникалык бейтапканада беш күндөн бери дарыланып жатат. Эки өпкөсү кагынып (пневмония) ооруканага түшкөн Солтобек вирус адамга билинбей эле жугарын, дарыгерлер өткөн жылга салыштырмалуу бир топ тажрыйбалуу болуп калганын билдирди. Бирок “кызыл зонада” абал опурталдуу экенин айтып берди:

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жазып аткандай эле азыр ооруканаларда орун жок. Орун бошогону менен кайра дароо бейтаптар толуп калууда. Кезек күткөндөр көп окшойт. Баарыбир айтууга туура келет. Ооруканада адамдардын саны эки нерсе менен азаят экен. Биринчиси – вирустан айыгып үйүнө чыкса, экинчиси – тилекке каршы каза болуп калышууда. Мен бейтапканада беш күн жаттым, андан бери үч киши каза болду. Болгон тааныштарга оорубаганга аракет кылгыла деп айтып атам. Оорубай жүргөндө “кызыл зонада” эмне болуп жатканын билбейт экенбиз да. Өзүң жатып калганда той-аштарда жүргөн балдар, кыздарды көрүп ичиң ачышат. Анткени, азыркы жаңы штамм жугуп жаткан жаштар көп”.

Дагы караңыз Индия штаммы же "дельта" тууралуу эмне белгилүү?

Буга чейин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус “жашарып” баратканын, акыркы күндөрү 18ден 39 жашка чейинки адамдар көп ооруп жатканын кабарлаган. Ош шаарынын тургуну Айсулуу Аскарбекова да стационарда беш күн дарыланып чыкты. Ал да коронавирус менен кайрылган жаштар көп экенин байкаган.

“Стационар 24 саат иштегендиктен, адам үзүлбөйт. Эл аябай көп. Жеңил ооруп калсаң бир жума дарыланып сакайып кетесиң да. Коронавирус болсоң эки-үч айга чейин дары жазып берет экен. Аны да өз убагында ичиш керек. Анан көбүрөөк кыймылдаш керек экен”.

Өткөн жылдан берки антирекорд

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу абал оор экенин сандар да тастыктап турат. Өлкөдө 27-июнга карата дагы 992 кишиден коронавирус аныкталды. Бул былтыркы жылдын июль айынан берки эң жогорку көрсөткүч. Вирус жугузуп алгандардын көбү Бишкекте - 567 адам, Чүй облусунда 137 киши. Коронавирус пандемиясы башталган бир жыл аралыгында Кыргызстанда 120 865 кишиге вирус жукту. Анын 108 465и сакайды.

COVID-19 инфекциясынан дагы алты бейтап каза болду. Алардын үчөө Бишкекте, экөө Жалал-Абадда, бирөө Чүйдө. Муну менен илдеттин курмандыктары расмий эсеп боюнча 1 977 кишиге жетти.

Кыргызстанда ушул күндөрү коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат. Расмий маалыматка караганда, биринчи толкуну былтыр июль айында катталып, вирус бир күндө 1600 адамдан табылган. Экинчи толкуну 2020-жылдын октябрь, ноябрь айларында байкалып, күнүнө 606 адамга чейин жеткен.

Ооругандар, каза болгондор мындан көп болушу мүмкүн

Саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Нурболот Үсөнбаев азыр күнүнө 700-1000 кишиден вирус аныкталып, 6-9 адам өлүп жатканы расмий эле эсеп экенин эскертти. Ал үйүндө ооруп жаткандар, үйүндө каза болуп эсепке алынбай калгандар өткөн жылдагыдан кем эмес деген пикирде:

Нурболот Үсөнбаев.

“Биз былтыр бейтаптарды клиникалык белгилери барын да, жогун да ооруканага жаткырып дарылаганбыз. Быйыл болсо ооруп, клиникасы барларды гана каттоого алып атабыз. Айырмасы ушунда. Демек, чыңалуу өткөн жылдагыдай эле. Ооруканаларда иш ошондой эле. Абал чыңалып турганда жоопкерчиликтүү болбосок болбойт. Мындан аркы кырдаал ар бирибиздин иш-аракетибизден көз каранды. Бир күндө эки-үч миңдей эле киши коронавируска каршы вакцина алып атат. Биринчи эмдөө алып, андан кийин да беткап тагып, аралыкты сакташ керек. Азыр телевизорду карасаң баягыдай эле “той-аш өткөрүүнү кабыл алабыз” деген жарнамалар толуп турат”.

Орун жок, эмдөө да чеке жылытпайт

Ушул тапта коронавирус менен 9 352 бейтап алышып жатат. Анын 2 995и стационарларда, 6 357 бейтап үйүндө дарыланууда. Стационарда жаткандардын 127синин абалы өтө оор, 899у оор деп бааланууда.

Дарыгерлер жайкы туристтик сезондун кызышы менен коронавирус да күч аларын боолгоп жатышат. Андан тышкары 11-июлда Кыргызстандагы эң ири Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында шаардык кеңешке кайра шайлоо өткөнү турат.

Эрмек Исмаилов.

“Июлдун ортосуна чейин статистика мындан да жогору болот деп ойлойм. Ошондуктан бейтаптарга керебеттер жетпей калышы мүмкүн деген кооптонуу бар. Расмий эсеп чыгып атканы менен ооруканага кайрылбагандар да көп. Азыр алар коркуп үйдө өздөрү дарыланып жатат да. Эми ошонун кесепети бир-эки жуманын ичинде билинет”, - деди дарыгер Эрмек Исмаилов.

Орундуктар демекчи, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Бишкектеги стационарларда ачылган 3 миңге чукул орундан 58 гана бош керебет калганын, Улуттук хирургия жана шаардык клиникалык ооруканаларда бош орун жок экенин билдирди.

Дагы караңыз "Дельта" штаммы тездик менен жайылууда

Министрлер кабинети вирусту жайылтпоо чараларын көрүү үчүн элди жапырт эмдөөгө чакырууда. 27-июндагы маалыматка караганда, өлкө боюнча жалпы 106 499 киши эмдөөдөн өттү. Аткаруу бийлиги үчүн эмдөөнүн солгундугу биринчи, Кыргызстанга вакцина алып келүү экинчи чоң маселе болуп турат. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова эмдөөгө байланыштуу буга чейин төмөнкүлөрдү айткан.

“Дүйнөлүк саламаттык уюмунун талабы боюнча Кыргызстан 80% чыгыш үчүн 2 миллион 295 миңден ашуун адамды эмдөөдөн өткөрүш керек. Ошондо гана жамааттык иммунитет пайда болот”.

Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эмдөө өнөктүгүндө гуманитардык жардам катары берилген Кытайдын Sinopharm жана Орусиянын “Спутник V" вакциналары колдонулуп жатат. Кытай препараты май айынын этегинде түгөнгөн. Кыргыз өкмөтү ушул тапта Sinopharm вакцинасынын экинчи партиясын күтүп жатат. Аны алып келүүдө маселе жаралып, азыркыга чейин чечилбей турат.

Өлкөдө 2021-жылдын март-апрель айларында коронавирустун төрт штаммы катталган. Алар индиялык, британиялык, орусиялык жана түштүк-африкалык штаммдар. Андан бери COVID-19дун түрлөрүн аныктоо жаатында изилдөө жүрө элек.