"Дельта" деп аталган коронавирустун жаңы түрү Индияда былтыр күздө пайда болгон.
Кошуна Казакстанда бул штамм 23-июнда катталды. Индияда жазында болуп көрбөгөндөй өлүм-житимге алып келген коронавирустун бул түрү дүйнөнү кооптондуруп жатат. Кыргызстанда да адистер "үчүнчү толкундун" башталышына "дельта" себеп болгонун боолгошууда.
"Дельта" жана "дельта-плюс"
"Дельта" менен "дельта плюс" экөө тең Индияда пайда болгон. Болгону "Дельта" былтыр күздө аныкталса, экинчиси быйыл апрелде катталган.
Би-Би-Си жазгандай, "дельта плюс" ушул убакка чейин АКШ, Британия, Португалия, Швейцария, Жапония, Польша, Непал, Орусия жана Кытайда катталды. Ал эми "дельта" 90го чукул мамлекеттен чыккан.
Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой 23-июнда брифингде билдиргендей, өлкөдө "дельта" жайылып жатышы мүмкүн. Министр изилдөөдөн кийин дагы тагыраак жыйынтыктар жарыяланарын кошумчалады.
22-июнда Индияда "дельта плюс" штаммы "көңүл бура турган" категориядан "тынчсыздануу жараткан" категорияга которулган.
Вирустун жаңы мутациясы пайда болгондо, адатта аны үчкө бөлүшөт:
"Көңүл бура турган вариант" (VariantofInterest)
"Тынчсыздануу жараткан вариант" (Variant of Concern)
"Кесепети оор вариант" (VariantofHighConsequence)
"Тынчсыздануу жараткан вариантка" төмөнкү критерийлердин бирине дал келген коронавирустун мутацияланган түрлөрү кирет: жугуштуу, илдет оор өтөт, антиденечелердин, вакциналардын жана дарылоонун натыйжалуулугун азайтат.
Индия менен АКШ коронавирустун "дельта" түрүн дагы ушул категорияга кошуп жатышат.
Азырынча "дельта плюс" тууралуу маалымат аз. Индиянын саламаттык сактоо министрлигинин алдын ала маалыматына караганда, бул штамм жугары менен белгилери тез эле пайда болот, өпкө клеткаларын жабыркатат жана антиденечелерди алсыздандырат.
Окумуштуулар бул штаммды кошумча иликтөө зарылдыгын айтышууда.
Соңку маалыматтарга караганда, "дельта" кадимки коронавирустан жугуштуулугу менен айырмаланат, адамга жуккандан кийин белгилери дароо сезилет жана оор өтөт.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, "дельта" буга чейин Ухань, Британия, Түштүк Африка жана Бразилияда аныкталган вирустун түрлөрүнө караганда кыйла тез жайылат. Аталган эл аралык уюм 22-июнда билдиргендей, "дельта" дүйнөнүн көп мамлекеттеринде башталган "үчүнчү толкунга" түрткү болду.
"Дельтага" вакциналардын туруктуулугу
"Дельта" штаммын жугузуп алгандар катуу ооруй турганын АКШнын башкы эпидемиологу Энтони Фаучи дагы ырастаган. Ал ошондой эле, Кошмо Штаттарда каттоодон өткөн вакциналар коронавирустун бул түрүнө туруштук бере аларын билдирген.
"Дельта плюс" жакында эле пайда болгондуктан, азыркы вакциналар ага канчалык туруштук бере алары азырынча белгисиз. Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму азыркы препараттар натыйжалуу экенин билдирген.
Уюмдун эпидемиологу Мария Ван Керкховенин айтымында, бардык эле вакциналар индиялык штаммга бирдей туруштук бере албай калышы мүмкүн.
"Биз бул маанилүү кабарды баарына жеткиргибиз келет. Вакциналардын айрым түрлөрү "дельтага" катуу туруштук бере албай калышы мүмкүн. Ошентсе да, эмдөө илдеттин оор өтүшүнөн сактап, өлүмдөн алып калышы ыктымал", - деди ал 21-июндагы брифингде.
Орусиядагы Н.Ф Гамалеи атындагы эпидемилогия жана микробиология боюнча улуттук иликтөө борборунда "Спутник V" вакцинасы коронавирустун бардык түрлөрүнө туруштук бере аларын билдиришти. Ал эми Казакстандагы Биологиялык коопсуздук боюнча улуттук илимий-иликтөөчү институттун өкүлү Лесбек Кутымбетов "Азаттыктын" казак кызматына алар чыгарган QazVac вакцинасы "дельтага" туруштук бере аларын маалымдады:
"Вирус өтө деле өзгөргөн жок. Кандайдыр бир генетикалык өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Бирок антигендик түзүлүш жагы жайында. Демек, азыркы вакциналар дагы коронавирустун жаңы түрлөрүнөн сактайт".
Ал эми "Настоящее время" телеканалына курган маегинде орусиялык вирусолог, биология илимдеринин кандидаты Георгий Базыкин "бир гана эмдөө аркылуу коронавирустун, анын ичинде "дельтанын" жайылышын токтотсо болорун" айтты:
"Жаңы "дельта" варианты тез жайылып, иммундук системанын таасирин кыйгап өтүүдө. Ухань шаарында чыккан жана британиялык штаммга караганда бул кыйла коркунучтуу. Муну эмдөө гана токтото алат. Албетте, карантин чаралары дагы натыйжа берет. Ошентсе да эмдөө эң натыйжалуу жана арзан жолу. Арзан дегеним, адамдын өмүрү, экономика жагынан алганды айтып жатам. Мурда вакцина жок болгону үчүн баарын жаап, карантин киргизип жатышкан. Азыр вакцина бар", - деди вирусолог.
Bloomberg жазгандай, геномдук иликтөөлөр менен алектенген Helix компаниясы коронавирус жугузуп алган миңдей адамдын тесттерин анализдеп чыккан. Иликтөө "дельта" эмдөө жай жүрүп жаткан мамлекеттерде кеңири таркап жатканын көрсөткөн.
СOVID-19 оорусун алдын ала божомолдоо жана эпидемиологиялык кырдаалды моделдөө боюнча адис, эпидемиолог Айжан Дооронбекованын айтымында, Кыргызстанда да статистиканын өсүп жатышына Индия штаммы себеп болгону тууралуу божомол бар.
Макаланы "Азаттыктын" казак кызматы даярдады. Анда Reuters, Би-Би-Си жана АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун материалдары колдонулду.