Кыргызстан мусулмандарынын жетинчи курултайында Замир Ракиев муфтий болуп бекиди. Анын талапкерлигин Аалымдар кеңеши курултайга алып чыкты. Муфтийлик орун төрт жарым айдан бери бош турган. Эки жолу шайлоо белгисиз себептерден улам жылдырылган.
Кыргызстан мусулмандарынын жетинчи курултайына жети облустан 220 делегат келди. Курултайда муфтийди бекитүү, аалымдар кеңешинин жаңы курамын, төрагасын жана борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасын шайлоо каралды.
Жаңы муфтий ким?
43 жаштагы Замир Ракиев бир добуштан муфтийликке бекиди. Ал салттуу динди карманган, ар кандай жамааттарга мүчө болбогон, светтик билими бар дин ишмери катары таанымал. Кыргызстандын он биринчи муфтийи болгон Ракиев курултайда сүйлөп жатып мындай деди.
“Учурдан пайдаланып бардыгыңыздарды биримдикке чакырам. Ынтымак бар жерде - ырыс бар дейт. Дүйнө жүзүндө глобалдашуу процессинин алкагында жаштарыбызга ата-бабаларыбыз карманып келген салттуу динди жеткирүү мусулмандык парзыбыз. Ар кандай экстремисттик көз караштагы пикирлердин жайылышына жол бербейли. Өз элибиздин баалуулуктарын терең урматтаган, динибизди өздөштүргөн жаштар биздин келечегибиз”.
Аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдышүкүр Нарматовдун айтымында, Замир Ракиев өлкөдө Куранды жатка айткан алгачкы кары жигиттердин бири.
“Замир ажыга токтолгонубуздун себеби, Египетте окуган, ага чейин өзүбүздүн борбордук мечитте Абдилмажит деген уйгур молдонун колунда Куранды толук жаттаган түндүк тараптагы эң биринчи кары жигит. Миң жылдык тарыхы бар Египеттеги университетти бүтүп келген. Светтик билими бар, көз карашы терең болгондуктан татыктуу деп тандадык”.
Курултайдын катышуучусу, Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев жаңы муфтий акыркы мезгилде чыр-чатактан арылбаган муфтиятта реформа жасайт деп ишенет.
“Замир кары жаңыча ой-пикири, илим-билими менен жаштарга исламдын туура жагын, Абу Ханифа масхабын, ата-бабалардын эзелтеден келе жаткан жолу менен иш алып кетет деген ишеничтемин".
Дин жаатындагы эксперт Жумадыл Маматжан жаңы муфтийдин алдында тез арада каржылык иштерди чечүү милдети турганын айтты:
“Муфтияттын айланасындагы чуулгандуу окуялардын негизги себеби - ажылык сапар. Мыйзамда "ажылык сапарды Дин башкармалыгы уюштурат" деп жазылып калган. Ошону муфтияттан алып, жөн гана туристтик агенттиктер уюштуруш керек. Жаңы муфтий ушул жана башка бир топ каржылык иштерди чечиши керек. Муфтияттын кызматкерлери төрт айдан бери айлык албай отурат деп жатышат. Эң башкысы уставдын негизинде ишмердүүлүгүн жүргүзүп, мамлекет менен кызматташканы оң”.
Талпынган талапкерлер
Муфтийлик орунга тогуз талапкер арызын берген.
Алар: Нурбек Токтогулов, Султанали Гапуров, Шүкүр Исмаилов, Нематилла Жээнбеков, Ниязали Арипов, Убайдулла Сарыбаев, Шакир Маматов, Сайдамир Жээналиев, Замир Ракиев.
Конкурс учурунда Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаев, Жалал-Абад облусунун казысы Нематилла Жээнбеков жана Аалымдар кеңешинин мүчөсү Сайдамир Жээналиев Ракиевдин пайдасына талапкерлигин алып салган.
Шайлоого катышуудан баш тарткан Нематилла Жээнбеков муфтияттын айланасындагы чыңалган кырдаалдан чыгуу үчүн талапкерлигин алып салганын айтты:
“Кечээги кырдаалды карап туруп, менин кыргыз элиме, динге кылган кызматым чыңалууну азайтуу деп эсептеп, талапкерлигимди алып салдым. Башка талапкерлерди ынтымакка чакырып, бир талапкерге токтоого чакырдым”.
Конкурстук комиссия Замир Ракиевден тышкары Султанали Гапуров жана Шүкүр Исмаиловду тандап алып, Аалымдар кеңешине сунуштаган.
Гапуров менен Исмаилов конкурстан өткөндөн кийин шайлоого катышуудан баш тарткан.
Аалымдар кеңешинин жооптуу катчысы Акылбек Халбековдун айтымында, Султанали Гапуров шайлоодон баш тартканын түшүндүрбөсө, Абдышүкүр Исмаилов билимин текшерип көрүү үчүн гана талапкерлигин койгонун айткан.
Шайлоодон кийин "Нур" партиясынын мүчөсү Руслан Бекназаров муфтийликке талапкер Султанали Гапуровду Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) кызматкерлери коркутуп, андан соң ал талапкерлигин алууга мажбур болгонун айтып чыкты.
"Азаттык" УКМК менен байланышканда маалымат чындыкка дал келбей турганын, атайын кызматтын муфтияттын ички ишине кийлигишүүгө укугу жок экенин билдирди.
Муфтияттагы кризис
Февралда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгындагы каржы чырына байланыштуу атайын кызмат ошол кездеги муфтий Максатбек Токтомушевди кармаган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту аны башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон. Бул окуялардан улам Токтомушев кызматтан өз эрки менен кеткен.
Кыргызстанда февралдан бери муфтий шайланбай, мусулмандардын курултайы эки жолу жылдырылды.
Өткөн айда талапкерлерди сынактан өткөрө турган комиссия жоюлуп кетип, жаңы курам түзүлгөн. Ал тапта Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиев отставкага кеткен.
Кыргызстандын буга чейинки дээрлик бардык муфтийлери кызматын ар кандай чыр-чатак, кылмыш иштеринен кийин тапшырганы маалым.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Орозбек Молдалиев муфтий шайлоонун эки жолу жылышына бийлик дагы аралашкан болушу мүмкүн дейт.
“Муфтий шайлоону жылдыруунун бир топ себеби болуш керек. Талапкерлигин койгон адамдардын көбү муфтийликке татыксыз адамдар чыгып калды окшойт. Ислам дини Кыргызстан үчүн абдан маанилүү дин. Ошондуктан жетекчиликке жакшы кадр келсе деген максат болгондур. Экинчи жагынан бийлик өзүнө ылайыктуу адамды алып келүү аракети болду окшойт. Замир карыга тоскоолдук кылбай, шарт түзүп берсе муфтияттын ишин алып кете алат. Токтоо жигит, светтик билими бар. 2016-жылы тажрыйба алмашуу үчүн Лондонго барганбыз. Оор басырыктуу адам экен. Активдүү катышып, суроолорун берип, ойлорун айткан”.
Замир Ракиев май айында өтпөй калган муфтий шайлоого талапкерлигин койгон эмес.
Курултайда Аалымдар кеңешинин жана КМДБнын төрт жылдык отчету угулуп, жактырылды.
Аалымдар кеңешинин төрагасынын милдетин аткарып келген Абдыманап Масалиев жаңы муфтийди азгырыктардан алыс болууга чакырды.
“Кээ бир муфтийлерибиздин анча-мынча кемчиликтери жалпыбызды ойго салып турат. Мындан ары келе тургандарга кудай талаам бекем ыйман берип, азгырыктардан алыс болуусун суранып кетмекчимин. Коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанда дин эркиндиги Баш мыйзамда белгиленген”.
Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Тойгонбай Абдыкаровго кайрылып, бийлик органдарын муфтияттын ишине аралаштырбоо керек экенин айтты.
“Мамлекеттик комиссиясына келген директор курултайда муфтийдин эки бетинен өөп, кучактап, батасын алып туруп, жети-сегиз айда муфтийдин үстүнөн иш баштайт. Мен сизден мамлекет менен диндин ортосуна көпүрө болуп, достоштуруп, түптөп, муфтийди алдыңызга салып, ак батасын алып жүрүңүз дейт элем”.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Тойгонбек Абдыкаров облус казыларынын, район имамдарынын милдети салттуу динди жайылтып, жамааттык ажырымды жоюу керек экенин белгиледи.
“Улуу устатыбыз болгон имам Абу Ханифанын масхабы, анын эмгектери жана матруди ишенимин жайылтууда иш алып баруу биздин диний лидерлердин негизги милдети. Акыркы мезгилде муфтияттын айланасындагы окуяларга бир топ адамдар пикирин билдирди. Анын ичинде терс пикирлер дагы бар. Жеке пикиримде бул окуяларга жамаат аралык бөлүнүүлөр таасирин тийгизип жатат. Ушул маселени чечүүдө, жамааттарды биримдикке чакырууда район имамдарынын, облус казыларынын орду чоң”.
Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп Көчкөнбай Садиллаев, борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына Бакыт Нурдинов шайланды.