Навальныйдын иши: интеллигенцияга куугунтук

27- апрелде түнү Санкт-Петербургда Навальныйга арнап тартып кеткен граффитини боёп жатышат,  2021-жыл

Орусияда Алексей Навальныйды колдогондор менен анын тарапташтарына басым күчөп жатат.  21-апрелде Навальныйды колдоп, көчөгө чыккандар четинен кармалып, журналисттер да суракка чакырылууда. 

Соңку бир жума ичинде абактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды колдоп, жүрүшкө чыккан 115 киши кармалып, аларга чара көрүлдү.

«ОВД-Инфо» укук коргоо долбоору камакка алуулар Орусиянын 23 шаарында катталып, полиция көчөдөгү видеокамераларда тартылып калган жана социалдык түйүндөрдө жарыяланган же бөлүшүлгөн маалыматтар боюнча адамдарды кармап жатканын билдирди.

Укук коргоочулар кармалгандарга «бийлик уруксат бербеген» акцияларга катышуу же уюштуруу боюнча айып тагылып, айрымдарына айып пул салынып, калганы административдик камакка алынганын кабарлашууда.

21-апрелде Орусияда Навальныйды колдогон акциялар жалпы 96 шаарда, мындан сырткары чет өлкөлөрдө өткөн. Тынч жүрүштөргө чыккандар Навальныйды бошотууну талап кылышкан. Ал акцияларда кармалгандар 2 миңге жеткен.

Москва соту 22-апрелден кийин акцияларга катышканы үчүн 183 кишиге чара көргөн.

Дагы караңыз

ФБК: Навальный негиздеген фонддун үстүнөн сот башталатОрусия: Навальныйды колдоп чыккан эки миңдей адам кармалды

Саясат талдоочу Леонид Грозман «бийликтин мындай куугунтук жана камакка алуулар менен элди коркутуп алууга аракет кылганы нааразылык маанайды күчөтүп алышы мүмкүн экенин белгиледи.

"Бул системалык кризиске байланыштуу. Навальный, күздө өтө турган шайлоо – бул кризистин өзү. Алар муну токтотуу үчүн жаңы жолдорду издеп жатат. Мен өзүм бийлик уруксат бербеген акцияларга катышып келем. Бул акциялар менен бир нерсе өзгөртө коёбуз деп күтпөйм. Мыйзамсыздык, башаламандык болуп жатканда бул ар бир орус интеллигентинин парзы деп билем. Анна Ахматова айткандай, «Мен анда элим менен бирге болом». Каршылык жүрүштөрүнө тайманбай чыгып жаткан элдин мыкты бөлүгү менен бирге болом".

Игорь Эйдман

Ал эми Берлиндеги социолог Игорь Эйдман бул кезде Орусияда дал ушул көпчүлүккө таасир эте ала турган интеллигенция өкүлдөрүнө каршы куугунтук башталганын белгиледи.

"Бул Путиндин режиминин көргөзмө жазалоо саясаты. Куугунтук күчөдү, массалык түргө өтүп баратат. Өлкөдөгү белгилүү, беделдүү адамдардын, мисалы, саясатчы Сергей Давидэс же академик Ефим Хазанов сыяктуу адамдардын кармалышы – мурда кол көтөрүүгө даай албагандарды да жазалоого өткөнүн билдирет. Бул репрессиялар жаңы деңгээлге көтөрүлдү".

Навальныйды колдогондор менен саясатчынын тарапташтарынан тышкары бул күндөрү маалымат каражаттарынын кызматкерлери да куугунтукка кабылууда. Акцияларды чагылдырган эркин маалымат каражаттары – «Дождь», «Комсомольская правда», «Эхо Москвы», RTVi жана «Медуза» сыяктуу беделдүү медиалардын беш журналистин полиция кармап кетип, суракка алган.

27- апрелде Москванын прокуратурасы Навальныйдын штабдарынын ишин токтотуп, «Коррупцияга каршы күрөш» жана «Жарандардын укугун коргоо» фонддорунун ишмердигине тыюу салуу боюнча сотко кайрылды. Бул уюмдарды «экстремисттик» деп таануу боюнча сот 29-апрелде өтөт.

Ал эми Владимир облусунда абакта отурган орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный буга чейин өзү жаткан Москвадагы «Матросская тишина» тергөө абагынын жетекчилигин сотко берди. Ал бул абакта аны «качууга шектүү» катары белгилеп койгону үчүн азыр абактын күзөтчүлөрү күнү-түнү саат сайын келип текшерип, уктатпай жатканына даттанды.

Дагы караңыз

Навальныйга абак жетекчиси Куранды берген жок

Былтыр жайында нервди шал кылуучу «Новичок» уулуу заты менен ууландырылган саясатчы февралда Берлинден дарылануудан кайтары менен кармалган. Москва соту аны 2014-жылкы кылмыш иш боюнча «шарттуу жазанын эрежелерин сактаган жок» деген доо менен 2,5 жылга соттогон.